Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 10-январда кабарлашты.
Маалым болгондой, эркек кишинин жансыз денеси 9-январь күнү саат 15:20да Геология кыска көчөсүндөгү жылуулук түтүгү өткөн кудуктан табылган. Аты-жөнү белгисиз болгон маркум европа түспөлүндөгү адам болгону айтылды.
Министрликтин Бишкек шаарындагы башкармалыгынын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.