Улуу Британиянын ханбийкеси Меган Марклга тасма талаасына кайтып келүү үчүн ири суммадагы гонорар сунушталды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, тасма жаратуучулар ханбийкени эпизоддук ролго чакырган.
Маалым болгондой, "Форс-мажор" сериалынын жаратуучулары Меган Марклга эпизоддук роль сунуштоо менен бирге 2 миллиондон 6 миллион долларга чейин гонорар төлөп берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле режиссёрлор ханбийкеге тасмадан түшкөн каражатты кайрымдуулук уюмдарга берерин айткан.
Азырынча Меган Маркл кайрымдуулукка кол сунуп, падышалык протоколду бузуу менен тасмага тартылууга макул болобу же көп суммадагы гонорардан баш тартабы белгисиз.
Меган Маркл ханзаада Гарриге турмушка чыкканга чейин фотомодель жана актриса болуп иштеген. Актрисалык карьерасын 2000-жылы баштаганы менен, 2011-жылы чыккан "Форс-мажор" сериалындагы жактоочу айымдын ролу ийгилик алып келген.