super.kg logo

28 жаран бюджеттин эсебинен гемодиализ алуудан баш тартты

 

Ош шаарында бөйрөк оорусу менен ооруган 28 жаран бюджеттин эсебинен гемодиализ алуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкекке келген бейтаптардын жакындары SUPER.KG'ге бүгүн, 10-январда билдиришти.

Бейтаптардын жакындары гемодиализ боюнча дарылоону жүргүзүү мүмкүнчүлүгү БЭМАН деп аталган жеке менчик дарылоо борборуна берилгендиктен алар баш тартып жатканын айтышкан. Тактап айтканда, 2018-жылдын ноябрь айында гемодиализ боюнча дарылоону жүргүзүү үчүн тендер жарыяланып, ага БЭМАН жана ЮРФА менчик дарылоо борборлору катышкан. ЮРФА ар бир гемодиализ үчүн 5850 сом сунуштаса, БЭМАН 5200 сом сунуштап, тендерди утуп алган. Бирок тендерден уткан борбордун шарты жакшы болбогондуктан бейтаптар тендерди жокко чыгаруу талабын коюшкан.

Мындан улам Ош облусунан 8-январда келген 10дон ашык жаран тендерди жокко чыгаруу талабы менен дале Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чыгышууда. Айтымдарында, 42 адам бир канча убакыт ЮРФА менчик дарылоо борборунда өз каражатына дарыланып келип, дарылоо бюджеттин эсебинен каржыланып баштаганда БЭМАН борборуна өтүүнү каалабай жатышат.

Араван районунун тургуну Маматаир Осмоновдун кызы 2015-жылдан бери ЮРФАдан гемодиализ алып келген. Бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу бюджеттин эсебинен дарыланууга аргасыз макул болуп, учурда БЭМАН борборуна өткөрүлүп, дарыланып жатканын айтты.

"Менин кызым 2015-жылдан бери гемодиализ алып келет. 2016-жылдын апрель айында бюджеттин эсебинен ЮРФАда дарыланып баштаган. Жаңы жыл алдында дарыланууну мындан ары БЭМАНдан уланта турганыбызды айтышканынан каршы болуп, Бишкекке келдик. Себеби кызым мурун БЭМАН борборунда дарыланган. Ошол учурда эки жолу Түркияга бөйрөгүн алмаштырууга барганбыз. Тилекке каршы, натыйжа болбой, денелери кызарып, кычышып жаткандыктан дарыгерлер кайра жиберип салышкан. Кийин ЮРФАга которулдук. Ал жактан жакшы болуп калган болчу. Азыр эми кайра БЭМАНга алып барып коюшту эле, кызым кайра телефон чалып мурдагы оорулары кайрадан күчөп жатканын айтып жатат. Ошондуктан кайра эле мурдагы ордубузда дарыланууну улантсак. Өз каражатыма дарылатайын десем акчам жок", - деди Осмонов.



Ошто гемодиализ алып жаткандардын жакындары нааразы болуп Бишкекке келишти

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.01.2019. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
478
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
19-01-2019 16:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына тендер деген балээ күнөөлүү! БЭМАН арзан сапатсыз дарыяларды берет, ошол үчүн тендерге арзан сумма сунуштаган. ЮРФА болсо сапатуу дары берип бир аз баасы кымбат. Ал эми министрликтин өкүлдөрү аргасыз арзан сунуштаганды жеңди кылат. Эгер сапаттуу кызмат көрсөткөн ЮРФА жеңе турган болсо МИНЗДРАВдын кызматкерлери соттолот. Ошондуктан тендер дегене балээден тез арада арылыш керек
11.01.2019. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
19-01-2019 02:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмнеге мамлекеттик гемодиалис жок. Фирмаларга бербей, озунор дарвлабайсынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: