super.kg logo

Дүйнөдөгү эң мыкты сүрөттөр Бишкекте көргөзмөгө коюлду

 
Дал ушул сүрөт баш байгеге ээ болгон. Муну Венесуэла фотографы Роналдо Шемид тарткан.
Учуучу балык. Сүрөткө тартып алуу кыйынчылыкты жаратат. Себеби ал канатын абдан бат-баттан кагат.
Бактылуу балалыкты чагылдырган сүрөт.
Аялдар сууга сүзүүнү үйрөнүп жаткан учуру.

Бүгүн, 10-январда Борбордук Азиядагы Америка университетинде "World Press Photo-2018" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Аземде Нидерланды өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы элчиси менен Кыргыздын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдор сөз сүйлөп, кызыл лентаны кесишти

Аталган сүрөт көргөзмөгө фотожурналисттердин эң престиждүү делген, эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон эмгектери коюлду.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча фотосүрөтчүлөрдүн мыкты делген эмгектери көз карандысыз калыстардын сынына коюлат. Калыстардын курамындагы кесипкөй фотограф, массалык маалымат каражаттарынын фоторедакторлору 9 категориянын негизинде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген сүрөттөрдүн мыктыларын тандашат.

Ал эми бүгүнкү сүрөт көргөзмөгө байгеге ээ болгон сүрөттөр коюлду. Ар бир сүрөттүн тарыхы тууралуу Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери айтып берип жатышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул сүрөт көргөзмө 2 аптага созулат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121013;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: