super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу: Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Кореяга жеңилип калды (хронология)

 

11-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз-Түштүк Корея беттеши орун алат.

Беттеш "Хазза бин Зайед" атындагы стадиондо өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Бул беттештин башкы калысы Катар мамлекетинен келген адис Хаммис Мухаммед Аль-Марри болот.

13:30. 10-январда Кыргыз жана Корея курама командалары беттеш алдындагы машыгууларды өткөрүшкөн. Машыгууларга Кыргыз курамасынан 23 оюнчу катышып, Корея курама командасынан 19 гана футболчу катышкан. Маалыматтар боюнча, Корея курама командасында 3 оюнчу жаракат алып калган. Ал эми курамдын жылдызы Сон Хын Мин учурда "Тоттенхэм" футболдук клубу менен Англия Премьер-Лигасында оюн көрсөтүүдө.

13:35. Ошондой эле кечээ күнү Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана оюнчусу Тамирлан Козубаев маалымат жыйынга катышкан. Анда Крестинин: "Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде "Тоттенхэм" футболдук клубунун оюнчусу Сон Хын Миндин ойнобой турганы өкүндүрөт", - деп айткан.

13:45. Ал эми Корея курама командасынын башкы машыктыруучусу Паулу Бенту: "Кыргыз курамасын утуп, Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыгабыз", - деп айткан.

14:00. Бүгүн өтө турган стадион "Хазза бин Зайеддин" көрүнүшү төмөнкүдөй:

 
 
14:35. Бүгүн Кыргыз курама командасы кызыл түстөгү футболка менен ойнойт.
16:20. Айта кетсек, 11-январда Азия Кубогунун 2-турунун алкагында 3 оюн өтөт. Анда Аль-Айн шаарында Кыргыз-Түштүк Корея беттеши өтсө, Абу-Даби шаарында Филиппин-Кытай беттеши жана Дубай шаарында Палестина-Австралия беттеши өтөт.
16:30. Белгилүү болгондой, 1-турдун жыйынтыгында "С" тайпасында 1-орунду Кытай ээлеп келе жатса, 2-орунда Түштүк Корея, 3-орунда Кыргыз курамасы жана 4-орунда Филиппин курама командасы келе жатат.
19:50. "Хазза бин Зайед" стадиону Кыргыз-Түштүк Корея беттешине даяр болуп, күйөрмандар өз орундарына отуруп баштады. Ошол эле учурда Кыргыз улуттук курама командасы жатаканадан чыгып, стадионду көздөй жол алышты.
20:00. Кыргыз курамынын тизмеси белгилүү болду. Анда алгачкы мүнөттөрдөн оюн талаасына чыга турган футболчулардын арасында дарбазачы Павел Матяш жок. Оюнга төмөнкү 11 футболчу талаага чыгат:
Дарбазачы: Кутман Кадырбеков.
Коргоочулар: Валерий Кичин (капитан), Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго.
Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Эдгар Бернхард, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов.
Чабуулчу: Мирлан Мурзаев.
21:10. Кыргыз күйөрмандары стадионго келүүдө. Айрымдарын сүрөткө тартып алганга жетиштик.
21:30. Кыргыз жана Түштүк Корея курама командалары беттештин алдындагы машыгууларын өткөрүүдө.
21:50. Беттеш башталуу алдында турат. Бир аз убакыттан кийин командалар оюн талаасына чыгышат.
21:53. Командалар оюн талаасына чыгууда.
21:56. Кыргыз гимни биринчи жаңырууда.
21:57. Түштүк Корея мамлекетинин гимни жаңырып, оюн 3 мүнөттөн кийин старт алат.
21:58. Топту оюнга алгач Түштүк Корея курама командасы кошот.
22:00. Калыстын ышкырыгы чыгып, беттеш башталды.
22:01. Алгачкы мүнөттө эле оюн талаасында футболчуга медициналык жардам керек болду. Кореялык футболчуга каршы Ахлидин Исраилов орой оюн көрсөттү.
22:03. Түштүк Корея курамасы чабуулга чыгуу аракетин көрдү. Бирок кыргыз коргоочулары мыкты оюн көрсөтүүдө.
22:04. Кыргыз дарбазасынын алдында кооптуу абал болуп өттү. Айып аянтчага кирип келген корей футболчусун Козубаев токтотуп калды. Кореялыктар топту бурчтан чыгарат.
22:05. Корей футболчулары бурчтан чыгаруудан натыйжа чыгара алган жок. Топ Кыргыз курамасында.
22:06. Атаандашынын бөлүгүндө кыргыз футболчулары кооптуу абал жаратты. Анда Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарып берүүсүн Исраилов жыйынтыктады. Бирок Исраиловдун соккусу таамай болбой калды.
22:08. Кайрат Жыргалбек уулу оң канаттан чабуулга чыгып, командасы үчүн топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып келди.
22:09. Тилекке каршы, кыргыз футболчулары натыйжалуу чабуул аткара алган жок.
22:15. Корея курама командасынын чабуулдары курч жана жыйынтыксыз болууда. Кореялыктардын бир нече чабуулун коргоочулар жана Кутман Кадырбеков токтотуп койду.
22:18. Кыргыз курамасынын дарбазасында абдан кооптуу абал орун алды. Кореялык Инбеомдун соккусу дарбазадан жогору өтүп кетти.
22:19. Кореялыктар уламдан-улам чабуулдарын курчутуп, кыргыз футболчулары мыкты оюн көрсөтө албай жатышат.
22:20. Кореялык футболчу Кадырбеков менен бетме-бет келген. Бирок калыс офсайд абалын көрүп калып, чабуулду токтотту.
22:21. Топ дагы деле кореялыктардын карамагында сакталууда.
22:22. Бекжан Сагынбаев колу менен ойноп, аны калыс байкап калган. Топту талаанын ортосунан кореялыктар кошот.
22:23. Даниэл Тэго атаандашынын чабуулун токтотуп калды. Кореялык чабуулчулар Кыргыз курамынын 3 футболчусун алдап өтүшкөн.
22:25. Бекжан Сагынбаев, Мирлан Мурзаев жана Ахлидин Исраилов бири-бири менен пасташып, жакшы оюн көрсөтүп жаткан. Бирок кореялык коргоочулар бул мыкты оюнду бузуп коюшту.
22:26. Кыргыз курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Аны Эдгар Бернхардт аткарат.
22:29. Оюндун темпи жайлап кетти. Топ көбүнчө Корея курамасында болуп жатат.
22:30. Кооптуу абал Кадырбековдун дарбазасында орун алды. Кадырбеков биринчи соккуну атаандашынын бутуна чыгарып салып, экинчи топту айып аянтчадан чыгарып салды. Кореялыктар топту бурчтан чыгарат.
22:31. Корея курама командасы бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган жок. Топ Кыргыз курамасынын карамагында.
22:32. Азиз Сыдыков атаандаштын айып аянтчасына кирип барып, сокку узаткан. Топ кореялык коргоочуга тийип, талаадан чыгып кетти. Кыргыз футболчулары топту бурчтан чыгарат.
22:34. Бекжан Сагынбаев мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Ал атаандашынын айып аянтчасында сокку узатып, анын 3 метрден узаткан соккусун дарбазачы тосуп алды.
22:36. Кореялыктар дагы ката кетирүүдө. Кореялыктардын чабуулунда Кадырбековдун дарбазасы ачык калып, кореялык футболчу сокку узатканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал 5 метрден сокку узатып, топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
22:38. Кыргыз футболчулар уламдан-улам кореялыктардын дарбазасына жакындап бара жатат. Фархат Мусабеков 25 метр алыстыктан сокку узатып, бир аз таамай болбой калды.
22:41. Гол! Кореялыктар алдыга чыкты. Кореялыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн колдонуп кетип, эсепти 0:1 кылышты.
22:42. Кореялыктар дароо топту тартып алып, чабуулдан кайрадан топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты.
22:43. Кореялыктар топту бурчтан чыгарып, алардын чабуулун Валерий Кичин токтотуп койду.
22:44. Кореялыктар кайрадан кооптуу абал жаратууда. Кореялык оюнчунун таамай узатылган соккусун Кадырбеков кайтарганга жетишти.
22:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына чыгып, башкы калыс 1 мүнөт кошуп берди.
22:46. Акыркы мүнөттө Кыргыз курама командасы топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
22:47. Кыргыз курамасы бул мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Кореялык дарбазачы топту алгандан кийин калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
23:03. Командалар оюн талаасына чыгып, оюндун 2-таймы башталды.
23:10. Эдгар Бернхардт Мирлан Мурзаевге пас узатып, аны дарбазачы менен бетме-бет келтирген. Бирок кореялык дарбазачы топко биринчи жетип, чабуулду токтотуп койду.
23:11. Фархат Мусабеков атаандашы менен кагышып кетип, кореялык оюнчу медициналык жардам алууда.
23:13. Топ кореялык оюнчунун колуна тийгендей көрүндү. Бирок аны калыс байкабай калгандай көрүнгөн, кандай болгон учурда да бул мелдеште VAR-системи киргизилген. Балким, калыстын ышкырыгы жаңырып калат.
23:14. Дагы бир жолу айып аянтчанын ичинен кореялык футболчу колу менен ойноду. Бул ирет дагы калыстын ышкырыгы тынч калууда.
23:18. Кореялык футболчулар кооптуу абал жаратты. Кичин мыкты оюн көрсөтүп, атаандашынын чабуулун токтотуп койду.
23:20. Кореялыктар топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып, бирок колдоно алган жок. Валерий Кичин кореялык оюнчунун чыгарып берүүсүн токтотуп койду.
23:24. Кутман Кадырбеков дарбазасын кароосуз калтырып, жөнөкөй жерден кооптуу абал жаратып салды. Бул мүмкүнчүлүгүн кореялыктар колдоно алган жок.
23:25. Мирлан Мурзаев атаандаштарын соккусу менен текшерип көрдү. Тилекке каршы, Мурзаевдин соккусу таамай болбой калды.
23:26. Эсеп саны 0:2 болуп кала жаздады, кореялык оюнчунун соккусунан кийин топ дарбазанын таякчасына тийип, дарбазага кирип кете жаздады. Топ чийинден өтпөй дарбазадан чыгып кетти.
23:27. Кыргыз курамасында алмаштыруу орун алды. Азиз Сыдыковдун ордуна оюнга Виталий Люкс кошулду.
23:30. Дагы бир кооптуу абалда ийгилик жылмайып, Кыргыз курамасынын дарбазасына гол кирбей калды. Топ Кадырбековго, андан соң дарбазанын таякчасына тийип чыгып кетти.
23:33. Бул беттешти стадиондо 4 миң 893 көрүүчү көрүүдө.
23:35. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Эдгар Бернхардтты Бахтияр Дүйшөбеков алмаштырды.
23:36. Кореялык футболчу Ахлидин Исраиловду ичке тээп салып, сары айып кагаз менен белгиленди.
23:38. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Ахлидин Исраиловдун ордуна Турсунали Рустамов чыкты.
23:39. Корея курама командасында дагы алмаштыруу. Оюн талаасына германиялык "Аусбург" футболдук клубунун оюнчусу Же Сеонг чыкты.
23:40. Турсунали Рустамов оюн эрежесин бузуп, сары кагазын алды.
23:42. Бул беттеш 21 жаштагы Кутман Кадырбеков үчүн дебют болгону менен, ал өзүн мыкты көрсөтүп, атаандаштардын таамай соккуларын тосуп алууда.
23:46. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Кыргыз курама командасынын дарбазасында кооптуу абал орун алды. Айып соккуну кореялыктар аткарууда.
23:48. Беттештин негизги убактысы аягына келип, калыс дагы 3 мүнөт кошуп берди.
23:51. Калыстын ышкырыгы жаңырып, Түштүк Корея курама командасы 0:1 эсеби менен жеңишке жетти.
23:52. Чынында бул беттеш эки команда үчүн тең оор болду. Кыргыз футболчулары жеңилип калганы менен, мыкты болду деп айтсак болот. Белгилей кетсек, Түштүк Корея курамасы Азия Кубогунун жана Дүйнө чемпиондугунун бир нече жолку катышуучусу болсо, Кыргыз курама командасы алгачкы жолу Азия Кубогунда катышууда.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(94)
11.01.2019. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
22-01-2019 20:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алга Кыргызстан! P.S. бирок атаандаш күчтүү...
11.01.2019. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
330
Катталган:
24-09-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 10:40
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызстан ак шумкарлар алга дуа кылабыз кудайым буюурса
11.01.2019. 14:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:27
Жынысы:
Белгисиз
-16
Иши буттуго. Германияны утту эле алар
11.01.2019. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
09-08-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
tuku,иш бүттү го деп эмитен эле үмүт үзбөгүлөчү эй. Балким, утуп кетербиз. Пенальти сыяктуу бир себептер болуп калар... Үмүт үзбөй колдойлу акырына чейин!
11.01.2019. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+4
Ийгилик. Кыргызстан жеңет Мен ишенем
11.01.2019. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 22:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алгалай бер Кыргызстан. Давай жигиттер силерден бугун сенсация кутом. Женилсенер да жакшы ойногула.бизди уят кыла корбогуло
11.01.2019. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
13-02-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:54
Жынысы:
Белгисиз
-2
Матяшды бугун чыгарбаса керек е
11.01.2019. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Ulik-real,Матяш негизги курамда бар экен чыгат деп айтканын окудум. Крестинин Матяш негизги курамда чыгат башка оюнчуларда алмашуулар болот дептир
11.01.2019. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 22:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulik-real,чыгам дептир.бугун дадил турам дептир го
11.01.2019. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
23-01-2019 20:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Modric10,дадилин эмне
11.01.2019. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 22:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigitchem,жакшы турам дептир
11.01.2019. 21:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 16:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-Кулжа
+1
Jigitchem, смело турам дептир
11.01.2019. 21:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
370
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 21:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
+1
Jigitchem,Калп эле тушунбомуш болобербечи
11.01.2019. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:39
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shekeev969798,
11.01.2019. 14:42 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
07-12-2018
Соӊку аракети:
22-01-2019 03:50
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бугун кыргызстандын азия кубокуна болгон сапарынын тахдыры чечилет
11.01.2019. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
423
Катталган:
11-09-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 22:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Женип койсок жакшы болот эле а
11.01.2019. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
22-01-2019 15:09
Жынысы:
Белгисиз
-5
сирия менен тушкон воротарды салыш керек
11.01.2019. 15:35 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-01-2019
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан алга!!Москвадан колдоочулук кылам!!Буйурса женет деген ишеничтемин
11.01.2019. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
21-12-2013
Соӊку аракети:
23-01-2019 19:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Айдаркен
+4
Кыргызстан алгааа кытайдан утулгандай утулуп калбай аракет кылгыла курсагынарды тойгозуп чыккыла чарчап чуркабай койбой аракет кылгыла Матяш окуп жаткан болсон сага ишенип 100-сом койдум жакшы аракет кыл женилип калсанар 100-сом карыз болуп каласын)))
11.01.2019. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
06-08-2018
Соӊку аракети:
23-01-2019 07:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан утат алга!
11.01.2019. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
17-07-2013
Соӊку аракети:
12-01-2019 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Ээ Матяш үкөм, сага кудай Таалам күч-кубат берсин. Жашоодо турмушуңдан адашсаң да,оюнда адаша көрбө. Калган оюнчулар силерден үмүт чоң,алга Кыргызстан!!!
11.01.2019. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
22-01-2019 18:47
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nurgazy80,))))))) ал дагы чыктыбы бүгүн оюнга?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121132;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: