super.kg logo

Өзгөндө көмүр калдыктары менен сууну булгап жатканы айтылган компания калкты таза суу менен камсыздоо аракетин көрүшөрүн билдирди

 

Жогорку Кеңештин депутаттары 8-11-январга чейин аймактардагы шайлоочулар менен жеринен иш алпарышууда. 10-январда эл өкүлдөрүнүн Өзгөн районундагы иш сапарында жергиликтүү тургундар "Цзинь Лун" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча нааразычылыктарын билдиришкен.

Алардын айтымында, аталган компания казылып алынган кара алтындын калдыктарын суу жээгине төгүп койгондуктан, аккан суу булганып, адамдардын саламаттыгына коркунуч жаралууда. Андыктан маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн айыл тургундары, буга жол берген тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин кароону сунушташты. Кырдаал көзөмөлгө алынарын депутат Аида Касымалиева айтты.

"Чагымчылдыкка алдырбастан, маселени мыйзам чегинде чечүүгө болот", - деди Касымалиева.

Ал эми “Цзинь Лун” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын өкүлү Өмүрбек Касымбеков кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен бир ай аралыгында калкты таза суу менен камсыздоо иши аткарыларын убада кылды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2019. 01:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
24-01-2019 00:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камсыз кылган таза сууңарга караганда кылымдар бою аккан сууларыбыз керек элибизге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: