super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суунун Савай айылындагы фельдшердик-акушердик пунктта ремонт иштери жүрүп жатат, ошол эле бөлмөдө ийне сайып, кан алып жатышат" дейт окурман

 

Кара-Суу шаарынын Савай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылындагы фельдшердик-акушердик пунктта (ФАП) медицина кызматкерлери талапка жооп бербеген шартта иштеп жатышат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Бери жакта кош бойлуу келиндерди каттап жана анализдерин алып, бейтаптарга ийне сайып жатышат. Ошол эле бөлмөнүн бир башында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Мындай оңдоп-түзөө иштери болуп жаткан учурда кабыл алуу бөлмөсүн башка жакка көчүрүп турушса болмок. Медициналык спирт, бинт, иштетип жаткан кебездеринин үстүлөрү ачык. Ал жакка бырыксыган чаң келип жатат. Шприцтерге дарыларды сордуруп коюшкан, аны келгендерге сайып жатышат. Медициналык мекемеде полду жылтырата саат сайын жууп, инфекциялардан тазалап туруу керек да. Бул жактын полун айтпай эле коёюн. Баарыбыздын эле шаарга барып каттоого турганга шартыбыз жок. Айылда ФАП тургандан кийин кайда бармак элек?", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
11.01.2019. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
801
Катталган:
18-04-2014
Соӊку аракети:
19-01-2019 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунор оруп барсанар укол сайбайм десе жининер келип дагын айткыла. Эч бир жакшылык жок экенда сайса жаман сайбаса дагын жаман
talant87 түзөттү 2019-01-11 12:24:37
11.01.2019. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
742
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вот ушулар инфекцияны бир адамдан экинчи адамга жуктурушат шалтуруктар.Процедурный кабинетке 1бөлмө табылбаптырбы убактылуу болсо да.Министрлик катуу текшерүүгө алуусун талап кылабыз.Анализди да жөн албайт окшойт 100сом жатат үстөлдүн үстүндө.
11.01.2019. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
27-09-2011
Соӊку аракети:
17-01-2019 16:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Биш))
+3
Nevestkaa,Анализ үчүн бардык эле жерде төлөнсө керек. Бекер тапшырганды көрө элекмин, азыркы заманда дааратканага барсаң да, түкүрсөң да акча болуп жатса анан кайдагы бекер анализ))
11.01.2019. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
742
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Lui,негизи өздөрү тактайчага бажырайтып жазып алышкан баары бекер деп .Бирок ала беришет.Коррупция садиктен эмес ,бала эненин курсагына түшкөндө эле башталат экен.
11.01.2019. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
27-09-2011
Соӊку аракети:
17-01-2019 16:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Биш))
+3
Менин билишимче айыл жергелериндеги ФАПтар бир-эки эле бөлмөлүү болот эмеспи. Аны көчүрүү үчүн башка мекемеге барыш керекпи? Ал үчун бүт документацияны лаыш керек дегендей. Жашоочулардын баары биле бербейт башка жакка көчкөнүн..3-4 кундук курулуш иши үчун ошол керекпи? Бир аз чыдап койгула, таза, жылуу имаратта көрүнөсүңөр. Азыр адамдар өтө эле чыдамсыз, арызчыл болуп кеттик окшойт.
11.01.2019. 15:42 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
6110
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-01-2019 11:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
mirlanpiter, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
14.01.2019. 21:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
31-10-2010
Соӊку аракети:
15-01-2019 11:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Сенин оюнча эмне кылыш керек эле ал жерде эки эле комната болсо бизде ремонт болуп жатат деп иштебей коюш керек беле айыл жеринде болбогон айлык үчүн элдин ден соолугуна кичине болсо да кам көрүп жатышат анан ушул болбогон нерсени жарыя кылып башка толтура тарта турган проблемалар турса колунардан келсе түзүгүрөөк проблемаларды чыгарсанар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121013;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: