super.kg logo

Стамбул-Бишкек каттамы учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам 4 саат кармалды

 

Социалдык түйүндүн Асел Дооронбекова аттуу колдонуучусу бир нече сааттан бери белгисиз себептерден улам Бишкек-Стамбул каттамы учпай жатканы тууралуу жазган.

"3 сааттан бери учакта отурабыз. 2 жолу учууга аракет кылып, бирок уча алган жокпуз. Учакта техникалык катачылыктар бар экени айтылып, бирок алар оңдолгонун билдиришти. Бирок дагы деле отурабыз", - деп жазган Дооронбекова.

Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбановага кайрылганыбызда, ал учактын кармалышы боюнча жоопкерчиликти каттамды тейлеген авиакомпания аларын билдирди.

"Бүгүн таңкы саат 7:05те уча турган учак белгисиз себептерден улам 11:40та учуп кетти. Анткени каттамды тейлеген "Пегасус" авиакомпаниясы Жарандык авиация агенттигинен убагында учууга уруксат ала алган жок. Аэропорттогу каттамдардын баары жеке компаниялар аркылуу ишке ашырылгандыктан, эмне себептен учуу өз убагында ашырылбаганын биз билбейбиз.

Ошондой эле бүгүн Бишкек-Жалал-Абад каттамындагы учак да Жалал-Абадда аба ырайы начар болгондугуна байланыштуу кийинчерээк Ош шаарына барып конду", - деди Курбанова.

Ал эми "Пегасус" компаниясынын өкүлчүлүгү SUPER.KG`ге каттам учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам кармалгандыгын билдирди.

"11-январь күнү эртең менен Бишкек-Стамбул багытында уча турган каттам техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кармалды. Учактын белги берүүчү индикаторлорунун биринде катачылык байкалып, коопсуз учууну камсыздоо үчүн тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. 2 жүргүнчү учуудан баш тартканы үчүн алардын жүгүн учактан түшүрүү да каттамдын кармалышын узартты. Андан кийин Жарандык авиация агенттигинин уруксатын алып, Стамбул шаарына учуп кетти. Учуудан баш тарткан жүргүнчүлөрдүн акчалары кайтарылып берилет.

Авиакомпания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт", - дешти компаниянын өкүлдөрү.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: