super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 12-ЯНВАРЬ: Кыргыз музыкасына көөнөрбөс из калтырган ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо 78 жашка чыкмак

 
Жубайы Давлет жана кызы Сюита менен

Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай Абдыкадыров 1963-жылы Ош педагогикалык окуу жайынан билим алган. Эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, Жалал-Абад театрында баштаган. Андан соң борбордогу филармонияга келип иштеген.

Кыргыз музыка дүйнөсүндө өчпөс из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.
1988-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Абдыкадыров 360 чамалуу обон жаратып, чыгармаларынын 126сы калк арасына тарап, айрым обондору кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
Рыспай Абдыкадыров 3 ирет нике жаңырткан деп айтышат. Алгач Кара-Кулжа элдик театрында иштеп жүрүп жашоодогу тун сүйүүсү Тотуга жолугуп, экөө баш кошуп, 2 кыздуу болушкан. Кайсы бир себептерден улам ортодогу мамилелеринин муздай баштаганы байкалат. Ошол кезде ырчы кургак учук оорусуна кабылып, Фрунзеге ооруканага келет. Жубайы менен ажырашып, ооруканадан өзүн дарылаган Оңолго үйлөнгөн. Экөө дагы ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашып кетишкен. 1969-жылы Давлет аттуу кыз менен баш кошуп, 25 жыл чогуу жашашкан. Экөөнүн ортосунда Сюита аттуу кызы бар.
Замандаштарынын айтымында, Абдыкадыров ичинде кири жок, алабарман, ак көңүл, ошол эле кезде бетке чабар, ачуусу чукул, жактырбаган адамга ачылып сүйлөбөгөн адам болгон.
Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына 8 күн болгондо гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда Эл агартуунун отличниги деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, кийин Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулуп, коомдук фонд да уюштурулган. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.

12-январга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
12.01.2019. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-06-2017
Соӊку аракети:
20-01-2019 16:50
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121013;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: