super.kg logo

Ошто жеңеси тарабынан сабалып каза болду делген 2 жашар баланын атасы аны жерге берүү үчүн Орусиядан учуп келди

 

Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып, өлүү жеткирилди делген 2 жаштагы наристенин атасы аны жерге берүү үчүн Орусиядан учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ош шаардык Социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG'ге билдирди.

Раеванын айтымында, баланын жансыз денесин атасы төрөлүп-өскөн Жала-Абад облусундагы айылдардын бирине алып кетишкен.

"Окуяны уккандан кийин дароо эле биздин кызматкерлер баланы өлтүрдү делген келин жашаган үйгө бардык. Ал жерде дагы 5 бала бар экен. Төртөө ошол келиндин балдары, дагы бирөө сабалып каза болгон наристенин бир тууганы. Кароосуз отурушкандыктан туугандарына айтып, шаардагы "Боорукерлик" реабилитациялык борборго алып келдик. Бүгүн эртең менен кылмышка шектелген келиндин күйөөсү, атасы келди. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдарды кайтарып бердик.

Ал эми каза болуп калган баланын атасы 27 жашта. Аялы менен ажырашып кетип, 5 жана 2 жаштагы балдарын агасы менен жеңесине таштап Орусияга иштегени кеткен. Баланын апасы тууралуу азырынча маалыматтар жок", - деди Раева.

Буга чейин каза болгон 2 жаштагы наристе тарбияланган үй-бүлөнүн турмуш шарты начар экендиги, шектүү келин базарда алма сатып иштесе, күйөөсү араба түртүп тиричилик кылышканы маалымдалган.

Окуя тууралуу айта кетсек, 10-январь күнү Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып 2 жаштагы наристе келип түшкөн. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Шектүү катары кармалган 30 жаштагы келин аны шымына сийип койгону үчүн тарбиялоо иретинде уруп койгонун айткан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, тергөө-иликтөө иштери аяктаганга чейин 2 айга камакка алынды.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
12.01.2019. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 18:25
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш эле уйлонуп алып,балага болгон камкордук жок,ортодо балдарга эле кыйын болуп жатат,убалы кимге наристелердин????
12.01.2019. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
403
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
16-01-2019 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+2
базарда алма сатып 4 баласын аран багып журсо анан ага 2 жашар баласын таштап койгон атасына бали. баланын ата энеси суралсын .
12.01.2019. 20:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 23:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5
fanatka19,кызыксынго ишенгеним деп агасына таштап атса ...
12.01.2019. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
403
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
16-01-2019 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
-3
evidens,акча учун 2 жашар баласын таштап россиялап кетпей кыргызстанда деле нан таап жесе болот. кукук энесине го соз жок 2 жашар баласын таштап кантип басып кетти? энеси таш боор болсо женеси кыйратып карамак беле?.
12.01.2019. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1175
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
23-01-2019 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
fanatka19,акча салып турган атасы, анан созсуз олтуруш керек беле колун сынгыр онбогон аял
12.01.2019. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
403
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
16-01-2019 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
-2
meni_kut, 30 декабрьда кетсе каяктан салат акча? айлык алганга да жетишпесе керек.
12.01.2019. 23:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
438
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
23-01-2019 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
2 баласын таштап кетиптир деп жазып жатбайбы.Бири каза болгон бала дагы бири ошол келиндин колунда экен.Барсак 5 бала бар экен 4 озунун баласы бироо каза болгон баланын бир-тууганы деп жататго.Аллахым эми наристени бейиштин кушу кылсын.Апасынада даба жок экен кантип таштап басып кете берди деймда?Баланын апасында сурака алуу керек.Негизи бала 18 жашка чыкканга чейин эненин колунда болуу керекго.Бироого кор бала бироого болсо зар бала эх арман дуйно.Чырактай балдарын карап энесорой уйдо отурбайбы
13.01.2019. 02:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
22-01-2019 00:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
+5
Сийип, чычканды билбеген баланы таштап акча дегенде узун туурасынан тушкон энелер жакшылык корбойт, ушундай турмушка кептеп бала торолгончо башын иштетпеген аталарга наалат.
13.01.2019. 03:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 02:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апасы эмне кылып журот ыя мерез,озунун апана таштасан 100 жолу зв этесин, бул кандай аял болду экен авысынга ишенген.
13.01.2019. 06:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
28-01-2018
Соӊку аракети:
22-01-2019 19:08
Жынысы:
Белгисиз
-2
Социалдык жетишсиз болуп жатат..
Нервди сакташ керек
13.01.2019. 08:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
28-09-2015
Соӊку аракети:
20-01-2019 10:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Баары тарбиядан чон ата таятасында
13.01.2019. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
06-08-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 08:46
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каяктагы тукурукко мыйзам чыгарбай ушуга окшлгон орчундуу койгойлорго мыйзам чынарса жакшы болоор беле."бала жок дегенде 5 жашка чейин энесинин гана камкордунунда болсун"деген озундун 2балана аран чыдайсын азыр 6 бала м.н байкуш кыйналган го
13.01.2019. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 01:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш бала..журогум ооруп турат.
Баланын жайы жаннаттан болсун.
13.01.2019. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
286
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
24-01-2019 06:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балким, ата сөрөйү өзүм багам деп, энесин кууп чыккандыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
121191;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: