Кытайдын түндүк-батыш тарабында жайгашкан шахтада 21 адамды көмүр басып калып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ Шэньму провинциясында болжол менен жергиликтүү саат 16:30 чамасында болгон. Кырсык болгон "Байцзи" шахтасында 87 адам иштеп жаткан.
"66 шахтёрду коопсуз жайга чыгарып кетүүгө мүмкүн болду, алгач кырсыктан 19 адам каза таап, 2 адам дайынсыз болгон. Кийин издөө иштеринин алкагында ал эки адамдын жансыз денелери табылган. Көмүр шахтасы "Baiji Mining" компаниясына таандык. Кырсык эмне себептен келип чыкканы учурда аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.
Декабрь айында дагы Кытайдын чыгыш тарабында жайгашкан көмүр шахтадагы кырсыктан 5 адам каза болгон.