Англиялык 50 жаштагы Клео Кэмпбелл көптөн бери ишке ашыра албай жүргөн кыялына айыккыс оорусу өтө өтүшүп кеткен учурда жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Клео жана анын сүйгөнү Кит Седдон 1988-жылы таанышышкан. Бирок бири-бирине болгон жылуу сезимине карабастан мыйзамдуу түрдө жубай болууга шашылышкан эмес. Анткени менен чогуу жашап, Кит Клеонун 2 баласына каралашып, аталык мээрим көрсөтүп келген.
Сүйүшкөндөр жалпысынан 18 жыл чогуу жашашкан. Анын 14 жылында аял сүйгөнүнөн ага үйлөнүүсүн суранып келген. Клео жигитине мындай сураныч менен дээрлик күн сайын кайрылган учурлар болгонун айткан.
"Кит Седдон үйлөнүүнүн мааниси деле жок деп жооп берчү. Бирок мен анын терс жоопторун кабыл алгым келбей кат түрүндө, оозеки, белектин ичине жазып, мага үйлөнүшүн сурай берчүмүн. Эртең менен "мага качан үйлөнөсүң?" деген билдирүүлөрдү жазып кеткен күндөр көп болгон", - дейт Клео Кэмпбелл.
Кийин дарыгерлер аялга өпкөсүнөн айыккыс илдетке кабылганын айтышкан. Анын абалы күндөн-күнгө начарлап жаткан чакта да кыялын орундатуудан артка кайткан эмес. Ал өзүнүн тилеги тууралуу дарыгерлерге айтып, алар ага гүл, көйнөк алып келишип, боёнтуп, жасантып үйлөнүү-үлпөтүнө даярданышкан. Андан кийин сүйүктүүсү Кит Седдонду чакырышкан. Аялдын мындай даярдыгын көргөн Кит анын көп жылдардан бери айтып жүргөн сунушун четке какпай, 30 чакты жакындарынын катышуусунда мыйзамдуу түрдө аял-күйөөсү болушкан.
"Тагдыр мага каардуу болду. Бирок мен бакытты сезүү үчүн аракетимди токтоткон жокмун. Эми мен өзүмдү өтө бактылуу аял сезип жатам", - деген ал.