Теннисчи Мария Шарапова Австралияда өткөн ачык чемпиондукта экинчи айлампага чыкты

Орусиялык теннисчи Мария Шарапова атаандашы британиялык Хэрриет Дартты "Ачык Австралия" турниринде 6:0, 6:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.
Маалым болгондой, 31 жаштагы теннисчи Австралияда өткөн ачык чемпиондуктун экинчи айлампасына кыйынчылыксыз эле өткөн. Шарапова атаандашын 1 саат 3 мүнөттүк убакытта жеңген. Ал эми экинчи айлампада швециялык Ребекка Петерсон менен кез келет.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын июнь айында Эл аралык теннис федерациясы Мария Шарапованы мельдоний колдонгону үчүн 2 жылга теннис ойноодон четтеткен. Спорт арбитраждык соту мөөнөттү 15 айга кыскарткан.
Мария Шарапова спортко 2017-жылы Кытайдын Тяньцзинь шаарында 9-15-октябрь аралыгында өткөн мелдешке катышуу үчүн кайтып келген. Аталган мелдеште ал жеңүүчү аталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан