Экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев: "Быйыл күчүнө кирген кодекстер президенттин ишине таасирин тийгизет"

2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев жооп берди.

Ал президенттин быйылкы ишмердүүлүгү өлкөдөгү кырдаалдан көз каранды деген пикирин айтты.

“Кендерге байланыштуу чырлар чыкпаса, чет өлкөлүктөр үчүн иштеген чалгынчылар эл арасында чагымчылдыкты чыгарбаса, айрым күчтөр жайында өтө турган саммитте мамлекет башчынын башын жер каратып, уят кылбаса президенттин иши алдыга чыгат. Өлкөдө тынчтык, туруктуулук болсо, мыйзам үстөмдүк кылса, өнүгүү болот.

Быйыл күчүнө кирген кодекстер бул жылга эле эмес, келечегибизге таасирин тийгизет. Алар кылмышкерлердин жоопкерчилигин азайтат. Коомчулукту тартипке чакырган айып пулдар эч нерсе эмес. Кылмышкерлерге гумандуулук деп алардын жаза өтөө мөөнөтүн азайтуу бизге окшогон өлкөлөргө оффшордук мыйзамдарды даярдап берүү дегендикке жатат. Бул азыркы президенттин, өкмөттүн ишине таасирин тийгизет”, - деди Сарыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, жарандык активист Адил Турдукулов, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, Эмилбек Жороевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан