Бостериде 10 жана 13 жаштагы эки баланы кашарга алып барып сабаган жаран изделүүдө. Маалыматты 14-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов ырастады.
Маалыматка ылайык, 12-январь күнү милицияга арыз менен эки аял кайрылган. Алар 10 жана 13 жаштагы уулдарын белгисиз адам ур-токмокко алганын айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
"Арыз жазгандар эки бала эшикте ойноп отурган учурда белгисиз адам келип, аларды короосунан темир уурдаганын айткан. Кийин балдарды кашарга алып барып сабаган экен. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Балдардын денесине жеңил залал келтирилген. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Балдарды сабаган кишинин аты-жөнүн тактоо аракеттери улантылууда", - дейт Усубакунов.