Кышкы каникулду айрымдары тоого чыгып лыжа тебүү менен өткөрсө, айрымдары үй-бүлөсү менен жылуу өлкөгө саякатка чыгып келишет. Ал эми кыргыз шоу-бизнесиндеги жылдыздар дагы кышкы эс алууларды четте калтырбайт. Бул ирет сиз сүйгөн белгилүүлөр кышкы эс алуусун кантип, кайсы жактан өткөрүп жатканын байкап көрдүк.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков апасы, жубайы жана кызы менен биргеликте Дубайда эс алууда. Ал эс алуудагы кызыктуу сүрөттөрдү социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөп, эс алуу көңүлдөгүдөй өтүп жатканын жазган. Ошондой эле ырчы "Апамды көптөн бери Дубайга алып барам деген оюм орундалды. Апаларыбыз аман болсун!" деген билдирүүсү менен бөлүшкөн.
Ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген чет өлкөгө болгон саякаты кокусунан эле пландалып, 2 күндүн ичинде чечилгенин белгилеген.
Дубайга эс алуу үчүн алып баруучу Нурсултан Майназаров үй-бүлөсү менен барган. Алып баруучунун сапары ырчы Мирбек Атабеков менен чогуу болгон.
Жылуу өлкөнү тандагандардын арасында таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова дагы бар. Алар чыгармачылыктагы достору менен бирге Таиландга эс алууга учуп кетишкен. Бул тууралуу ырчы Данияр Эрматов социалдык тармакка сүрөт жүктөп "Иштеп бүттүк, эми эс алабыз" деген билдирүүсүн калтырган. Саякатка чыккан чыгармачыл топтун арасында ырчылар Аваз Акимов, Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов, клипмейкер Эрнест Сыдыков жана анын жубайы Кымбат Азизова бар.
Эс алуучулардын катарын толуктагандардын арасында ырчы Арсен, жубайы Бегайым, менеджери Миргүл Эсеналиева жана жакын достору бар. Бул топ дагы эс алуу үчүн Таиланд өлкөсүн тандаган.