Орусиянын аймагында кылмыштарды жасап, Кыргыз жарандарын тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, алардын башында “Смотрящий” каймана аты менен таанылган Ош облусунун 32 жаштагы Р.М. аттуу тургуну турган.
"2018-жылдын июль айында Москва шаарында жана Москва облусунда Кыргыз жарандарынан түзүлгөн адамдардын тобу өз мекендештерине карата кылмыштарды жасап жүргөндүктөрү боюнча маалымат түшкөн. Кийин ага тиешеси бар адамдардын аты-жөнү такталып, башында “Смотрящий” деген каймана аты бар Р.М. аттуу адам турары маалым болгон. Ал адам уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда туруп, жасаган оор кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн. Тактап айтканда, 2013-жылы топ адамдардын курамында Бишкектеги Ленин районунун аймагында каракчылык менен кол салышкан жана тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. 11-январь күнү аталган топтун мүчөлөрү жана лидери Р.М. кармалган", - деп билдиришти ИИМден.
Кийинки тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын бир катар кылмыш иштерге тиешеси бардыгы аныкталып, Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголгон.
Аларга күнөө тагылып, баары Москва шаардык полициясы тарабынан убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Азыркы учурда кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы жана аталган топтун башка мүчөлөрү аныкталууда. Ошондой эле кармалгандарды Кыргыз жерине экстрадициялоо боюнча маселелер каралып жатканы кабарланды.