Депутат Арапбаев: "Автоунаада коопсуздук курун такпагандардын баары 1000 сомдон айып пул төлөшү керек"

“Жол коопсуздугу боюнча кээ бир айып пулдар жогору болуп кеткен”. Мындай пикирин парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Азамат Арапбаев айтты.

Депутат коопсуздук куруна салынчу айып пул боюнча сунуш берди.

“Жаңы гана күчүнө кирген кодекстерде туура эмес нормалар бар. Мисалы, автоунаада коопсуздук курун такпаган жеке жактарга 1000 сом айып салынса, юридикалык жактарга 3000 сом салынат. Кээ бир айып пулдар 5-7 эсе көп болуп жатат. Ири компаниялар эми айдоочуларынын автоунаасын жеке адамдарга өткөрүп, көмүскө аракеттерге барышат. Мен баарына бирдей жаза кылууну сунуштайм”, - деди Арапбаев.

Депутат Дастан Бекешев аталган сунушту мыйзам долбооруна киргизсе боло турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
saparu
2019-01-15 14:31:48
Туура жаныдан карап чыгышсын
-3
Mikra
2019-01-15 14:41:36
1000сом ото эле коп.депутаттар оздорун элге тенеп алганго а 1000сомду 100сомдой коруп.эгер мен депутат болсом 5000сом демекминда силерге окшоп.ошон учун болбойм Кудайым сактасын эл катары эл менен чогу тен жургонум эле жакшы.галдиравай кайра карап чыккыла.ойунарга келгенин оттобой.
+2
Samar90
2019-01-15 15:01:17
штраф. Ото коп Ен биринчиси бири бирибизге уважэние жоголду
+2
Alixan-Nookat.2015
2019-01-15 15:24:56
Юридикалык деп бөлбөй эле айыпты бирдей салгыла дагы бир балекетти ойлоп чыгат анан айып пулду кичине азайткыла коррупция гүлдөйт болбосо. Быйылкы жылды өзү Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы дебей МАИ кызматкеринин жылы деп коюш керек.
+2
dosym
2019-01-15 16:06:37
300 сом бойдон эле калсын
+1
Rifle_I
2019-01-15 16:24:06
Депутаттарга шайлоо алдында убадаларын аткарбаганы үчүн 1'000'000 сом айып пул салыныш керек. Анан да алган айлыгын толук кайтарып алыш керек. Закон чыкпаса болбойт.
+1
take19
2019-01-15 16:53:23
Штраф карапайым адамдар үчүн эле. Чоңдор менен байлар төлөшпөйт.
+1
kapchygai
2019-01-16 01:04:48
корупция болбош учун ГАИ кызматкери токтотуп айып жазса мурункудай эле айып толоп эгерде камерага тушсон анда азыркы айып толосо болот Cебеби адам аралашкан жерде биз ошолордун ставкасын кобойтуп атабыз
0
Nuri1988Elim2010
2019-01-16 14:01:28
Курсагы челектей кылып озунор такпайсынарга.Ремень курсагынарга жетпей деле калса керек.Анан бир байкуш карапайым такпай калса,же кичине нарушение кылып койсо корунуп калат.А озунордуку деги корунбойт.Силер МАИ кызматкерлери тосушпайт дагыда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан