Юрист Нурбек Токтакунов: "Президенттин макулдугу менен парламентке кирип жаткандар оппозиция боло албайт"

2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакунов жооп берди.

Ал парламентте күчтүү оппозициялык партиялар болушу керек экенин билдирди.
“Парламентте дайыма атаандаш болушу керек. Ал бийлик менен күрөшкөн партиялардан түзүлүшү зарыл. Эгерде бардыгы президентке баш ийип калса мыйзам иштебейт. Мыйзам иштеш үчүн Жогорку Кеңеште бири-бирине каршы турган атаандаш партиялар болушу керек. Президенттин макулдугу менен парламентке кирип жаткандар оппозиция эмес, калп эле оппозициянын фигурасын түзөт. Алар бийликти колдойт. Мындай болбошу керек. Ошондуктан парламентке өз алдынча, көз карандысыз партияларды жеткирүү зарыл. Ал үчүн эл шайлоодо добушун сатпай, тескерисинче, ошол элдин көйгөйүн түшүнгөндөр партия түзүп, Жогорку Кеңешке келип, жашоону өзгөртсүн. Демократиялык өлкөдө саясий күчтөр, бийлик институттары бири-бири менен күрөшүп, кылмыштарын ачып көзөмөл кылып жатканда мыйзам иштей баштайт. Буга оппозициянын ролу чоң”, - деди Токтакунов.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жана укук коргоочу Рита Карасартованын жообу бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан