Дилшат Кангелдиева: "Үйдөгү электр жарыгын өчүрүп кетишип кайра коштурган эмесмин, ошондо да 4 миң сом чыкканына таңмын"

13-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Дилшат Кангелдиева "Түндүк электр" ишканасына нааразы болгонун айтып чыккан эле. Себеби ал октябрь айынан тартып жашабай калган үйүнө 3982 сомду көрсөткөн эсеп дүмүрчөгү келген.

Ал эми "Түндүк электр" ишканасы ырчынын бул айыптоосу жөнсүз деп эсептеп, ал нааразы болгон суммадагы бардык эсеп дүмүрчөктөрүн алып келсе, териштирүүгө даяр экенин маалымдашкан. Анда Кангелдиева айткан 60 миң сом төлөнгөн эсеп дүмүрчөгү табылбагандыгы да белгиленген болчу.

Ишкананын бул билдирүүсү боюнча ырчы Дилшат Кангелдиева өз оюн айтты: "3 айга 60 миң сом келген эсеп дүмүрчөктөргө көп убакыт болуп кеткендиктен сакталбай калыптыр. Дүмүрчөктүн баарын эле сактап жүрбөйбүз да. Сокулук районундагы Ак-Жол айылында жашап жүргөнүбүздө убагында төлөбөсөң өчүрүп салышчу. Акыркы ирет дагы убагында төлөгөнгө жетишпей калып, өчүрүп кетишкен болчу. Анан 5300 сомду төлөп, бирок электр энергиясын кайра кошуу үчүн төлөнүүчү 300 сомду төлөгөн эмес элем. Ошондон тартып үйдө электр энергиясы жок болчу, азыркы күндө дагы. Ошого карабастан 4 миңге жакын акча келип жатпайбы. Бул акчадан мен байып, же кемип деле калбайм, бирок териштиргенден кийин гана төлөйм.

Мен бул сумманы үн катпай төлөп койсом болмок, болгону ар бир кызматкер жумушуна жоопкерчиликтүү карасын деген ойду дагы айткым келди".

Ырчы учурда Бишкек шаарында жашап жаткандыктан жумуштан бошоп, Сокулуктагы РЭСке бара албай жатканын кошумчалады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ruslanz
2019-01-18 14:44:28
Квитанция жок эле тологом дей бергенден уялыш керек.
+6
Muratmipa
2019-01-18 14:45:01
Ээ эже башты жаман оорутугузго не показанияны коргонго акылыныз жетпейби
+2
kechirmeni
2019-01-18 15:08:34
уфф тойгузду го, озунун проблемасын жайып, ушунча козгодубу бутурбойбу,учкашпа, учкашсан тушо качпа дегендей, баштадынбы до конца жур.
+3
kechirmeni
2019-01-18 16:11:53
Менимче 60000 эмес 6000 келсе керек да
+1
Nurkyz1977
2019-01-18 16:17:14
Биринчи териштирбей туруп коомчулука жарыя кылган ушуларга тан калам. Маданият адамдары маданияттуулукту билбесе башка адамдар эмне болот. Сулкулдоп ырдап эфирге чыкканы эле болбосо карангы окшойт,тушунук деген жок экенда.
+2
bond02
2019-01-18 17:21:38
куйоонуз менен кенешинизчи светинизди.
+3
Aiymkunumjyldyzym
2019-01-18 18:53:05
Karapaim kalk 6 min emes 600 som bolso kuiup bywyp toloit,Bular toidon bowoboi ele toktum dei beriwebi,Je yzyldaganga jarawa dalil mn kelbeibi,Jok ele kvitansia debei,
0
Aikaaaa
2019-01-19 11:52:53
Эми ошо төлөгөн деген дүмүрчөгүн алпарып териштирбейби. Бияка жазганда биз эмне кылмак элек? Төлөндү деген квитанцияларын алпарып, контролёрун көзгө сайсын, доказать этип, бет тырмай бербей. Квитанцияларга жазылуу го үч жылга чейин сактаңыз деп. Өзүнүн караңгылыгы да,
0
Jelezo
2019-01-19 17:06:34
Туура эле айтып жатат мындай корунуштор абдан коп оздоровления иштеткен электр энергиясын элге ошентип болуп жакзып салышат.
+1
Eli.91
2019-01-19 22:43:20
Чын эле териштируунун эч жаман жери жок.Биздеда андайлар болуп турат.Андайда мен алардын сазайын колуна берём.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан