Бүгүн Жогорку Кеңеште инвестициялык фонддордун иштери тууралуу маселе каралат

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңеште жалпы жыйын өтөт. Анда "Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты - өлкөгө инвестиция тартууда чет элдик ишкерлерге коопсуздук түзүп берүү болуп саналат. Ошондой эле ишканалардын саны көбөйтүлүп, жумушчу орундарды түзүү каралат.

Эл өкүлдөрү мурдагы жыйында өлкөгө инвестиция тартуу иштери начар болуп жатканын сынга алышкан.

Мындан тышкары жыйында сугат-айдоо жерлери, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча, билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу талкуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан