super.kg logo

Жылдыздарды мультфильм каармандарына айланткан 18 жаштагы кыргыз жигити: "Учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан буюртма келип жатат"

 

18 жаштагы Бектур Молдалиев белгилүү жылдыздарды мультфильмдеги каармандарга айлантып, алардын алкоосуна татып келет. Ал ырчылар менен кантип тааныш болуп калгандыгы, алгачкы эмгектери жана ийгиликтери тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Негизи сүрөт тартууга кичине кезимден бери эле кызыгам. Мектепте окуп жүргөндө Художник деген лакап атым бар болчу. Буга чейин ар кандай темадагы сүрөттөрдү тартсам, 2017-жылдан баштап мультфильмдеги каармандарды тартууга болгон кызыгуум күч ала баштады. Негизи эле "Симпсондор" мультфильмин жакшы көргөндүктөн адамдарды андагы каармандарга окшоштуруп тартып баштадым. Башында тааныштарымдын буюртмасын алып, 5-6 күндө тартып бүтүрчүмүн. Кийинчерээк шоу-бизнестин өкүлдөрүн тарта баштадым. Алардын арасында чет өлкөлүк жылдыздар Мот, L'One, Егор Крид, Кан жана башкалар бар", - дейт ал.

"Учурда Симпсондорго окшотуруп тарткан сүрөттөрүмө кызыгуулар көп болуп жатат. Тактап айтканда, АКШ, Орусия, Украина, Германия жана Индия өлкөлөрүнөн тапшырыктар келип жатат. Келечекте ушул сүрөттөрүмдү жаңы, жогорку деңгээлге чыгаргым келет", - деди Бектур алдыга койгон максаттары тууралуу.

Ошондой эле Бектурдун кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүн дагы "Симпсондор" мультфильминдеги каармандарга салыштырып тарткан эмгектери бар. Алар рэп ырчысы Баястан, ырчы Айым Айылчиева, Максат Садырбеков жана анын сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиева, ырчы Чолпон Талипбек жана башкалар.

Бектур жөнөкөй үй-бүлөнүн баласы экенин айтат. Ал Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Учурда Жалал-Абад шаарындагы окуу жайлардын биринде окуйт. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, эжеси жана иниси бар. Апасы Майлуу-Суу электро-лампа заводунда эмгектенсе, атасы Орусияда иштейт.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
16.01.2019. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
25-05-2019 07:55
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодец бала эмгегиң өркүндөй берсин, ийгилик
16.01.2019. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
111
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
25-04-2019 20:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик, онорун оркундой берсин!!!
16.01.2019. 15:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
07-02-2019 09:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калем мн тартабы же компьютер мененби?Ким билет достор?Талантына сөз жок браво!!!
16.01.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
11-06-2019 15:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Азамат! Алга!
16.01.2019. 16:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
728
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
12-06-2019 17:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+2
Онорун оркундоп дуйнону багындыр суротторун мн укам
17.01.2019. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
27-02-2013
Соӊку аракети:
13-06-2019 23:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Виталий Люксту тарт срочно
17.01.2019. 14:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
16-06-2019 12:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх кандай керемет))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
127697;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: