Бишкектин жашоочусу "Тез жардамдын" кызматкери каза болгон адамдын чөнтөгүнөн акчасын алып койду деп күмөн санаганын айтты. Буга мекеменин жообу

SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын жашоочусу "Тез жардам" кызматынын унаасынын ичиндеги процесстин видеосу менен кайрылды. Видеодо фельдшер жабырлануучунун чөнтөктөрүн карап жатканы көрүнөт. Ошол эле учурда кайра керебетте жаткан адамга көңүл буруп, дем алдыруу аракетин көрөт.

Тургун 2 маселе менен кайрылып жатканын билдирди. Айтымында, ушул жылдын 8-январында Бишкектеги "Кудайберген" базары тарапта жол кырсыгы катталып, ал жерге "Тез жардам" кызматы чакыртылган.

"Кырсыкка кабылган адам "Тез жардам" келгенге чейин эле каза болуп калды дешкен. "Тез жардам" кызматы келип, дарыгер жабырлануучу адамды унаанын ичине алып кирип кеткен. Андан кийин видеодо көрүнгөндөй, ал өлгөн адамдын чөнтөктөрүнө кол салып бир нерсени издеп жаткан. Көзү өткөн адам "Кудайберген" базарында унаа тетиктерин сатып иштечү, жанында акчасы бар болчу. Ал ошол күнү жакшы соода жүргөнүн жанындагыларга айтып, акчасын чөнтөгүнө салып кеткенин чогуу иштегендер айтып жатат. Кийин жансыз дене үйүнө алып келингенде чөнтөгүндөгү акчасы жок болуп калган.

Биринчиден, "Тез жардамдын" кызматкери эмне үчүн өлгөн адамдын чөнтөктөрүн аңтарат, бир эмес, бир нече ирет чөнтөктөрүнө колун салып жатат?

Экинчиден, чөнтөктөрүн карап жатып, кайра ал адамга келип дем алдыруу аракетин көрдү, эгер адам тирүү болсо эмнеге чөнтөккө алаксыбай, дароо өмүрүн сактоого аракет көргөн жок?" - дейт редакцияга кайрылган адам.

Айтымында, кырсыктан өмүрүү кыйылган адамдын артында 3 баласы жана жубайы калган. Бул боюнча SUPER.KG порталы Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовго видео тууралуу кайрылып, андагы абал боюнча сурады. Шаяхметов видеону көрүп чыгып, 1 күн аралыгында кызматтык териштирүү иштерин жүргүзүп, видеого тартылып калган фельдшердин түшүндүрмөсүн бере турганын айткан. Бүгүн, 16-январда Шаяхметов ошол кырсык орун алган жерге барган топ менен жана кызаттагы башка кызматкерлер менен жыйналыш өткөргөнүн, видеонун негизинде кызматтык териштирүү иштери жүргөнүн кабарлады.

"Видеону көрүп, ал фельдшерди чакырттым. Биздин ишенимдүү кызматкерлерибиздин бири. Биринчи суроо боюнча ал төмөнкүдөй түшүндүрөт: "Тез жардам" кызматы барганга чейин эле кырсыкка кабылган адам каза болуп калган экен. Ал чөнтөгүнө документтерин же жакындарын табууга жардам кыла турган буюмдары барбы деген таризде кол салган. Биздин кызматта бул боло турган көрүнүш, туура эле. Бирок өзүңүздөр көргөндөй, видеодо анын акча алганы көрүнбөйт, сиздерге кайрылган тарап айткан 53 миң сом акча чоң сумма, аны алып коюусу такыр мүмкүн эмес, алса көрүнөт эле да. Биздин кызматка мындай доомат менен кайрылгандар көп эле болуп турат. Бирок дарыгерлер эч качан каза болгондордун акчасын же буюмун алган эмес, милиция келгенде баарын отчёт иретинде өткөрүп берет.

Экинчи суроосу - "Эмнеге чөнтөктөрүн карап, андан кийин гана дем алдыруу аракетин көрдү?", - деген абдан жөндүү суроо болуптур. Бул боюнча ошол учурда иштеген кызматкерден мен да туура, так жооп берүүсүн талап кылдым. Айтымында, "Тез жардам" барганга чейин эле ал адам каза болуп калыптыр. Бирок жакындарына кабар берүү үчүн документтерин издеп жатканда монитордо ал адамдын жүрөгү согуп кеткендей белги көрүнүптүр. Мындан улам ал кайра жандандыруу аракетин көргөн. Бирок өзгөрүү болгон эмес. Кийин жакындары келип, жансыз дене милициянын катышуусунда аларга өткөрүлгөн. Чөнтөгүнөн акча да, документ да табылган эмес", - дейт Шаяхметов.

Ал эми редакцияга кайрылган адам кимдир бирөөдөн акча өндүрүп алуу максатында эмес, ар бир мекеменин кызматкери адилет иштесе деген ой менен кайрылганын, бул менен эле чектелбей милицияга видео менен кайрыла турганын айтты.


кошулду
"Тез жардам" кызматынан күмөн санагандар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KYRGYZ-stan
2019-01-16 14:35:22
Мекеменин жообунун кереги эмне,озулорун коргоп айтышат тийиштуу органдар текшерип чыгыш керек
+1
adiaza
2019-01-16 19:31:35
Карга карганын козун чукубайт болуптур, мындай учурда фельдшерлер эмес милициялар чонтокторду текшерип туугандарын чакырат фельдшердин укугу жок документтерин издеп тапканга тем более ДТП болгон жерге милиция да чакырылгандан кийин
0
tynara81
2019-01-16 20:49:47
Кайра кайра чукулайт го. Шектене турган эле жагдай экен.
0
karona12
2019-01-16 22:56:52
53 минди алгыча видеого тартып тура бербей айтпайсынбы сразы эле. автор озу алып фельдшерге жуктоп аткан жоксунбу?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан