SUPER.KG: 1 жылда 100 миллионго өсүү... Бийиктиктер алдыда!

2018-жыл артта калды. Алдыда дагы бир жаңы жыл, 365 күнгө берилген жаңы мүмкүнчүлүктөр. Сутка эмес, саат, мүнөт, секунд сайын өзгөрүп турган маалымат айдыңындагы ийгиликтин артында чоң жоопкерчилик турат. SUPER.KG порталынын 2018-жылдагы ийгилиги – бул кароонун да, колдонуучуларынын да санын көбөйтө алгандыгында болду.


Google Analytics рейтинг аныктоочу ресурсунун көрсөткүчү боюнча, SUPER.KG порталы 2018-жылы 436 миллиондон ашуун (2017-жылы 336 миллиондон ашуун) жолу каралган. Ал эми уникалдуу колдонуучуларынын саны 5 миллион 932 миңден (2017-жылы 5 миллион 175 миңден) ашкан.

Google Analytics’тин 2018-жыл боюнча жыйынтыгы

Сеанстын орточо узактыгы – 7 мүнөт 21 секундду түзөт. Бул убакыт ичинде орто статистикадагы окурман 8 баракчаны кароого жетишет.


Кароо туу чокуга жеткен күндөрү – баракчаны кароо саны күнүнө 2 миллиондон ашат.


Второй слайд

Социалдык тармактардын ичинен SUPER.KG порталынын эң көп аудиториясы Instagram’да катталган. Аталган социалдык тармактагы аккаунтта 782 миңден ашуун катталуучу бар. Ал эми SUPER TV бөлүмүнүн Instagram’дагы аккаунтунда 143 миңден ашуун катталуучусу бар.


Кийинки эле катарда YouTube турат. SUPER.KG-YouTube каналына катталгандардын саны 465 миңден ашат. Өткөн айда SUPER.KG-YouTube каналына “Күмүш баскыч” да тапшырылганы маалым. Ал эми SUPER TV бөлүмүнүн YouTube’дагы каналында катталгандардын саны 163 миңден ашат. SUPER TV-Youtube каналы да ушул айда "Күмүш баскычка" ээ болду.

Ошондой эле SUPER.KG порталынын кабарлары Фэйсбук, Твиттер, Одноклассники, социалдык тармактары Телеграм каналы аркылуу оперативдүү түрдө бөлүшүлүп турат. SUPER TV бөлүмүнүн баракчалары да Фэйсбук, Твиттер, Одноклассники, Вконтакте социалдык тармактарында, Телеграм каналында активдүү иш алып барат.

SUPER.KG порталы окурмандарга ишеним жана тандоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Биз ар дайым сиздердин кызматтабыз!

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazgul1905
2019-01-16 14:46:32
Жозефина,олумдун уч тусу сериялын кантип окусак болот айтып койгулачы же батыраак электрондук сатууну баштагыла да Супер-инфо . Дагы коптогон бийиктиктерди багынта бергиле,ийгилик!!!Силерди кутуп окуган окурманынар
0
Hadyja
2019-01-16 15:27:53
nazgul1905,ватсаптан эжемдер суротун тартып жиберип атышат.ошентип окуп атам
+5
Zamirbek_77
2019-01-16 22:24:20
Hadyja, Саламатсыңарбы, магада ватсаптан жөнөтүп койосуңарбы сураныч, өлүмдүн үч түсүн жөнөтсөңөр болду, алдын ала ырахмат, 8 977 148 24 77 Замирбек.
+1
Zamirbek_77
2019-01-16 22:24:53
Hadyja, Саламатсыңарбы, магада ватсаптан жөнөтүп койосуңарбы сураныч, өлүмдүн үч түсүн жөнөтсөңөр болду, алдын ала ырахмат, 8 977 148 24 77 Замирбек.
+2
nazgul1905
2019-01-17 03:03:53
Hadyja,89776825994 номерине да жонотуп койчу сураныч,китеби болсо толук алып окуйт элем электрондук варианты болсо
+2
Hadyja
2019-01-16 15:30:55
мен эле 1миллион жолу кирдим окшойт.
+9
voennyi88
2019-01-16 20:13:13
Элдин суймончулугу болуп жургуло ардайым.
+1
Aitik
2019-01-19 23:27:51
Жакшы жанылык. Ийгилик ишиңерге.
0
Pandora
2019-01-20 12:23:18
Форумга ном.телефон менен катталуу жолун койсоңор андан да жакшы болмок,азыр дээрлик бардык соц.тармактар @ почта жана ном.тел.аркылуу катала турган болуп калды.О.э.предлодения иштеп чыксаңар андан сонун болмок.
0
Holboeva92
2019-01-21 21:02:52
Сериалдар жазылбай калгандан бери кызыксыз болуп каллы, мурда кутуп журуп кирчумун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан