"Ювентус" клубунун футболчулары Италияга Кыргыз өлкөсүнөн дарыланууга барган кыздан кабар алышты. Бул тууралуу Дамира Байзакова аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Жарыяланган сүрөттөрдөн Криштиану Роналду жана анын сүйүктүүсү Жоржина Родригести, ошондой эле Пауло Дибала, Хуан Куадрадону көрүүгө болот. Кыргыз өлкөсүнөн барган Юна аттуу кыз онкологиялык ооруканада дарыланып жатат.
"Бул Юна. Кыргыз мамлекетинен. Тилекке каршы, ал сөөктүн саркомасынан (шишиктин бир түрү) жабыркап жатат. Бактыга жараша, эң оор баскычтар артта калды. Италиянын Турин шаарында операциясы ийгиликтүү өттү. Биздин балдардан кабар алганы "Ювентус" клубунун бир нече футболчулары келишти. Алардын ичинде таанымал Криштиану Роналду жана анын жубайы Жоржина Родригес бар", - деп жазган Байзакова.