super.kg logo

"Футболка кийип келдиң" деп депутаттар сындаган Тынысов: "Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Барарымды алдын ала билсем андай кийим менен бармак эмесмин"

 
Депутат Алмазбек Токторов
Депутат Мирлан Бакиров

Кечээ, 16-январда парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Өз кезинде Тынысов бул абалды: "Бул футболка эмес, свитер. Жетекчибиз ооруп калганына байланыштуу мага бул жакка келеримди эртең менен эле айтышты", - деп түшүндүрдү.

Андан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш базар эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан кийин Тынысов жыйындан чыгып кеткен болчу.

SUPER.KG порталы бул абал боюнча Талантбек Тынысовдун өзүнүн пикирин сурады: "Мен кечээ абалды аларга түшүндүрүп айттым, бирок ошондой мамиле болду. Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм, алардын өздөрүнө койдум. Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле. Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Менде да кемчилик бар. Бирок барарымды алдын ала билсем андай кийим киймек эмесмин. Айтор, мен айткан себепти түшүнгүлөрү келген жок", - дейт.

Ошондой эле ал жыйындан кийин журналисттер бул учурду таратып, коомчулуктун талкуусуна түшөт деп ойлобогонун кошумчалап, жетекчиси тарабынан ага карата эч кандай нааразычылык жок экенин белгиледи.

Депутат Токторов менен Бакировдун өкмөт өкүлүнө карата жасалган бул мамилеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынды. Пикирлердин арасында көпчүлүктүн көзүнчө адамдын кийими тууралуу айтып, сынга алуу туура эмес дегендер басымдуу. Айрымдар бул көрүнүштү Тынысовду кемсинтүү катары кабыл алышууда. Жыйында "Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жаткан. Тынысов Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери тууралуу маалымат бере баштаганда эле сөзү кесилип, жыйындан чыгарылган болчу. Мындан улам коомчулук депутаттар алардын ишине эмес, кийимине көбүрөөк маани берди деп сыпаттоодо.


кошулду


Жогорку Кеңешке келген өкмөт өкүлү “футболка кийип келдиң” деп жыйындан чыгарылды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(57)
17.01.2019. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 15:51
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кийимине карап баа берип калганын кара, иштеген ишин карабайбы,силерге өзү сөз жокда....
17.01.2019. 11:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
24-03-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 12:39
Жынысы:
Белгисиз
-6
кире бериштен эле откорбош керек болчу, ким откорду ошого штраф салыныш керек!
17.01.2019. 11:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 15:57
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул деген кемсинтуу адамдык сапатка жатпаган корунуш!!!!!ал деген спорт кийимин кийип келген жокго не деген иш бул?????
17.01.2019. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1566
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 21:38
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жоош кишидей корунот, айтыш керек эле да койнок кийип силер эмнени кыйратып жатасынар деп.
17.01.2019. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 20:15
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мирлан сени ошол фудболкачан Эл шайлаган
Ал жерге барып унутуп калган окшойсун кайдан келгенинди я
17.01.2019. 13:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
24-03-2016
Соӊку аракети:
14-02-2019 21:05
Жынысы:
Белгисиз
+6
Футболка менен болсода барыптырго, костюм көйнөк кийип барбай койгон депутаттар өбар аларды ким сындайт.
Super TV
17.01.2019. 13:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 15:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Базарком маймылдар
17.01.2019. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
15-02-2019 16:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+8
кастюм шым кийип алып кайсы маселени чечип жатышат
Кийим менен чечилбейтго түшүнбөйсүн буларды бир маселе чечип карыздардан кутулунун жолун ойлошсо болот кайсыл жекрден акча чыкса жей калайын дебей уят уят уят
17.01.2019. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
17-08-2010
Соӊку аракети:
18-02-2019 14:36
Жынысы:
Белгисиз
+10
Костюм кийген депутаттардын 80 %и базарчылар. Силерге караганда свитер кийсе дагы бул киши интеллекти жогору!
Super TV
17.01.2019. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
18-02-2019 17:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
ужаас депутаттар денгээлинер сыртыкы келбетти карамайбы кылган ишин баалашынар керек да, анчалык сын айткандай спортивный же шорты кийип келген жок да,неподготовленный келип, берилген суроолорго так жооп берип жатат значит ишин билет, озулору гимнди билбей канчасы уят болду
17.01.2019. 15:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
27-08-2014
Соӊку аракети:
22-01-2019 23:43
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаев парламентти таратам деген болчу,таратып салса жакшы болот эле.Кыргызстанга вообще кереги жок бул парламенттин жон эле лишний расход кылып жатышат
Super TV
17.01.2019. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
18-02-2019 17:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
0
Жамандар ий, куйбогон жерди кул кыласынар го.
Ошол жерге келе тургандардын катарында жок экенсиз деп тим эле...
Жок болсо ошол кишинин б...н жегени киргизип отургузуп суроо берип отурасынарбы? Суроо бергенден кийин жообун укпайсынарбы? Жообу буларды кызыктырган дагы жок да. Кечирим сурагыла не медленно!!! Ошол кишиге окшогон карапайым элдер талап кылабыз, кечирим сурагыла!!!
17.01.2019. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
541
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 16:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга баарибир курсагы тойсо болду майкачан шорточанда бара беришет! Кеп кийимде эмес, айтып койгон создо эмес ошол айткан созду аткара билип ишке ашырыш керек!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-01-17 16:41:25
17.01.2019. 17:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
325
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 18:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
120 кой отурат деп, малканага барам деп ойлоду да
Элин Рамзан Кадыров кастюм, шым кийип, галстук тагынбай эле көтөрүп жатат
Эми бул биздин депутаттардын деңгээли ошончолук, андан ашыкча ойлоно алышпайт. Жогорку Кеңешке келесиңби кычыраган машина менен, кычыраган кийим кийип келишиң керек деп ойлошот. А мээң иштейби, колуңан бирдемке келеби иштери жок. Сырты жылтырак, ичи кылтырактар чогулуп алышкан. Ал жылтырактын бары элдин эсебинен келген, жеп, тоноп
17.01.2019. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
18-02-2019 00:45
Жынысы:
Белгисиз
-5
туура, Чиновниктер на всех уровнях, должны выглядет Отлично, они должны Пример давать своим внешним видом, своим хорошим воспитанием и высокой образованностью
17.01.2019. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
18-02-2019 14:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер кыйраттасынарбы ыя галстук тагып?
17.01.2019. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
287
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
14-02-2019 20:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Ушул кылганынар озунорго айланып башынарга муш болуп келсин!!!
17.01.2019. 22:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
17-07-2017
Соӊку аракети:
17-02-2019 18:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көйнөк галстук кийип кыйраткандар кийимден башка толгон токой маселелер бар ошону чечкиле мынча күйгүзбөсөңөр. Деңгээлиңер канчалык экенин көрсөттүңөр дагы бир жолу
18.01.2019. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
05-09-2018
Соӊку аракети:
16-02-2019 14:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
" Уйунун эшигине карап баа бербе, ал уйдун ичинде жаркыраган адамдар жашап жатканда"- деген созду угуп калган элем. Айтайын дегеним, ошол свитердин ичинде, Токторов менен Бакировдун ак койногунун жакасынан дагы ак, таза журок болсо керек... Костюм шым кийсен эле бир нерсени кыйратып жиберсе, Кыргызстан эбак онолмок... "
Мындайларды:"Атын чыкпаса, жер ортто"- деп койчу беле???
tatyna.amanbekovna түзөттү 2019-01-18 00:52:22
18.01.2019. 01:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-04-2010
Соӊку аракети:
18-02-2019 19:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul kishige ajbai boorum orudu,bul futbolka emes,sviter dep koiot.Tigi eki deputat jash balany urushkandai urushat da, kandai ekenderin korgozup koiushtu da
Super TV
18.01.2019. 02:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-11-2015
Соӊку аракети:
05-02-2019 20:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арстанга эт ыргытсан жугуруп келип эле тытып салышат го, ошондой эле жабалактап созго такап алышты го жепжутарлар.
18.01.2019. 03:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
29-01-2019 02:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды эч качан кийим катарга кошпойт акыл кошот. Уятты жок экен иши менен бааланат элге кийими менен эмес маданиятуу болгону менен ишиде жыйынтык болбосо кийиминде эмне.пайда тооба. Кээде элибиздин конулун ар тарапка буруу учун эле атайын оздорундо монтаж болуп жатабы депта ойлоп калам анткени буга чейин мынчалык иттик муноздор болуп элдин конулдорун тушургон эмес болгон бирок аз болгон. Мыны учак тушкон кырсык деле унутулуп баратат анын аягына чыкаан бироо жок тооба.
18.01.2019. 08:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
18-02-2019 13:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоң эле адамды ажылдаган ит сыякта 120жепжутар талаганын
Super TV
18.01.2019. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
10-02-2012
Соӊку аракети:
17-02-2019 00:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ысык-Кол, Каракол
0
Базарбы дейби? Айтып коеюн ак уйдогу БАЗАРСЫНАР! Карап корсом ак уйдо бир дагы профессор, окумуштуу деген жок бизде жалан гана бизнесмен, спикулянттар, спортсмендер, ОПГлар. Анан базар болбогондо эмне озу? Ак уйго журуштун нормалары бар болсо кире бериштен эле Dresskod кылып киргизбей койбойсунарбы?!
18.01.2019. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
21-12-2013
Соӊку аракети:
25-01-2019 21:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен деген силер болупсунар. Депутат болгуча тим эле проблемалардын баарын чечип жибергидей болуп шымааланасынар. Креслого отуруп алгандан кийин ушунчалык тез озгоросунор.Костюм-шым кийип алып эмнени кыйраттынар? Силерге окшогон депутаттардын айынан онуго албай атабыз.
18.01.2019. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
18-02-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
0
Кийимге карап мамиле кылып калганбызбы? Эскертип койсо болот го. Маселе чечпей эле көйнөккө асылганы неси.
18.01.2019. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
04-04-2009
Соӊку аракети:
18-02-2019 01:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Кыргызстанда сырткы келбетке, кийимге карата мамиле жасалып калганын эч ким танбайт! Жаны жумушка кирем деп барсан да башынан ылдый карашат, кийимине, тусуно карап мамиле башташат элдин баары муну билбечудой актанып жатышканын))
Super TV
18.01.2019. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
17-04-2017
Соӊку аракети:
18-01-2019 18:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Билимсиз адам кийимине киришет, депутаттардын кылаарга иши жок, акылдары ушуга жетсе кантсин.
20.01.2019. 08:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
11-04-2017
Соӊку аракети:
17-02-2019 05:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи озунорду билип алсанар болмок эя нерсеге тойбогон Фашистер!!!!
20.01.2019. 08:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
11-04-2017
Соӊку аракети:
17-02-2019 05:15
Жынысы:
Белгисиз
0
120 ды Ит аткандай атып еле салыш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: