Учук, дифтерия, кызамык, кутурма, кургак учук, гепатит... Түкүрүктө оору козгоочу 500дөй бактерия бар

Түкүрүктө ар кандай ооруларды козгоочу 500дөй бактерия бар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти маалымат таратып, жарандарды коомдук жайларда түкүрбөөгө чакырды.

Мекеменин маалыматында жазылгандай, түкүрүк аркылуу учук, дифтерия, кызылча, кызамык, кутурма, кургак учук, гепатит, пневмония, сасык тумоо жана башка оорулар жугушу мүмкүн.

"Эгер жарандар ар кайсы жерде түкүрө берүү адатын калтырбаса, баарыбыз эле аны бут кийим менен тебелеп, ал аркылуу оору козгоочу бактерияларды үйгө алып киришибиз мүмкүн. Эл жүргөн жерде, балдар ойногон аянтчаларда, көчө, парк жана башка жайларда жөнсүз эле түкүрүү - эң жагымсыз көрүнүш. Учурда жаш балдар-кыздардан тартып улуу адамдарга чейин эле эч кимди көзгө илбей түкүрүп, ал тургай чимкирген адамдарды көп байкап жүрөбүз. Бул, биринчиден, маданиятсыздык, экинчиден, түрдүү оорулардын жайылышына себепкер болуу. Негизи булар үйдө тарбия катары айтылчу нерселер. Маселен, андай адаты барлар же ооруп жаткан адамдар чөнтөгүнө салфетка же кичинекей жүз аарчы ала жүрүшү керек. Эл арасынан бөлүнүүгө мүмкүнчүлүк болбосо артын карап ошого түкүрүп, аны таштанды таштоочу урнага салуу керек", - деп айтылат департаменттин кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан