КҮНСЕРЕП: Милиция кызматы митингдеги жоругу үчүн кечирим сурады

Бүгүн, 18-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз жеринде адам укуктарына тийиштүү көп жылдык көйгөйлөр дале тынчсыздануу жаратууда. Бул маалымат эл аралык "Human Rights Watch" уюмунун 2018-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө докладында жазылат. Аялдарга зомбулук көрсөтүү, ала качуу тыйылбаганы, мурдагыдай эле кыйноолор жазасыз калып жатканы айтылат. Уюм 2018-жылы ЖМКларга кысым азайганын белгилеп, муну позитивдүү көрүнүш катары баалады.

Алмазбек Атамбаев бийликке келген алгачкы жылдары бийликтин ЖМКларга мамилеси жаман эмес болчу. ЖМКларга кысым Атамбаев бийликтен кетерге жакын күчөгөн. Азыркы бийликтин да сөз эркиндиги, демократияга карата чыныгы мамилесин сыначу мезгил алдыда десе болот. 2018-жылы декабрдын аягында мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеӊешбек Дүйшөбаев жана Жогорку Кеӊештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков "Апрель" телеканалынын жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн сотко арыз берген. Быйыл январда арыз толуктоо үчүн артка кайтарылып, Бекназаров арыз кайра берилерин билдирген. Бекназаров менен Дүйшөбаев былтыр 24-ноябрда Бишкекте саясий күчтөрдүн курултайын уюштуруп, андан көп өтпөй "биз президент Жээнбеков тарапка өттүк" деп жарыялашкан. Булардын жыл аягындагы аракети "Human Rights Watch" уюмунун докладын даярдоодо эске алынганы же алынбаганы белгисиз. Алар "Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде бизди кемсинтти, кадыр-баркыбызга шек келтирди" деп жатышат. "Апрель" - мурдагы "Сентябрь" телеканалы сыяктуу оппозициялык маанайдагы телеканал. Мурдагы бийликтин тушунда “президенттин кадыр-баркына шек келтирди” деп "Заноза", Азаттык өӊдүү маалымат каражаттарынын үстүнөн миллиондогон суммада доо арыздар берилип, эркин медиага кысым күчөгөнү белгилүү. "Апрель" каналынын үстүнөн түшкөн арызды да бийликтин ишараты менен жасалып жатат деп түшүнгөндөр арбын. Ал эми Кыргыз жеринде адам укуктарынын кандай корголуп жатканын камактагы Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Бектур Асанов өӊдүү саясатчылардын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого мүмкүнчүлүк берилбей жатканынан байкоого болот. Адвокаттардын "жаӊы ачылган жагдай" деп атагандарын прокуратура четке кагып, эл саясий туткун деп санаган адамдардын соттон акталып чыгуусуна мүмкүнчүлүк берилбей жатат...

"Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER TV'нын журналисттери милиция кызматынын ЖМК өкүлдөрүнө жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышты. Нааразычылык акциясына Бишкекте өткөн митингди жеринен түз чагылдырып, кызматтык милдетин аткарып жаткан кабарчыны "журналистмин" деп айтып, кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай милиция кызматкерлеринин күчкө салып кармап кеткени себеп болду.

Акция Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында өтүп, бир катар ММКнын өкүлдөрү келишти. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кызматын аткарып жаткан журналисттерге тоскоолдук жаратууга, сүйрөп кетүүгө, эркиндигин чектөөгө каршы экенин билдирип чыккан төртүнчү бийликтин өкүлдөрүн сүйлөшүүгө чакырышты. Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев журналисттин кармалганы түшүнбөстүк болгонун, милиция кызматкерлерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жасаларын айтып ЖМК өкүлдөрүнөн кечирим сурады. "Экинчи мындай окуя кайталанбашы үчүн милиция кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт" деди Атантаев. Бул бүгүнкү акциянын мамлекеттик органдарга эскертүү берүү максаты ишке ашкандыгынын белгиси.

Кечээ, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында өлкөдө мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы митинг өтүп, анда "Некст ТВ" телеканалынын бир журналистин милиция кызматкерлери кармап, автобуска салып кеткен. Журналист аны кармап автобуска саларда бир нече жолу маалымат каражатынын өкүлү экенин кайталаган. Ага карабай кармап кетишип, милиция бөлүмүнө алып баргандан кийин коё беришкени белгилүү болгон. Саясатчы Равшан Жээнбеков күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабай журналистти автобуска сүйрөп кирген милиция кызматкерине жок дегенде эскертүү берилиши керек деген пикирде. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров милиция тынч митингге чыккандарга кыр көрсөтүп, алардын мыйзамдуу эркиндигин чектеген окуялар көп кездешерин айтып сындады. Ошол эле учурда коомдук иш-чараларда журналисттер өздөрүнүн коопсуздугу үчүн башкалардан айырмаланып турган атайын кийимдерди кийип жүрүшү керектигин айткандар да болууда. Кандай болгон күндө да эркин, демократиялык деп аталган Кыргыз өлкөсүндө мындай окуя өнөкөткө айланып кетпеши керек. Коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдырууда журналисттерге мамлекеттик органдар тарабынан кысым, жолтоо болбоого тийиш...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан