"Ала-Тоо" аянтындагы митингде кармалган журналист: "Кызматтык күбөлүгүмдү көргөзгөнүмө карабай милиция кармап кетти"

Кечээ, 17-январда өткөн "Ала-Тоо" аянтындагы митингде милиция тарабынан кармалган "Некст ТВ" каналынын журналисти Жоодар Бозумов SUPER.KG порталына кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери кызматтык күбөлүгүн көргөзгөнүнө карабай кармап кетишкен.

"Кечээки митинг учурунда телефон аркылуу телеканалыбыздын социалдык тармактардагы баракчаларынан түз эфирге чыгып жатканбыз. Милиция кызматкерлери митингге катышып жаткан адамдарды кармап, автобуска салып жатышкан. Бир убакта мени да кармап жөнөштү. Мен журналистмин деп өзүмдүн кызматтык күбөлүгүмдү көргөзүүгө да жетиштим. Болбой эле автобуска салып коюшту. Автобустун ичинен дагы күбөлүгүмдү көрсөтүп жаттым. Ага карабай Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Ал жактан кайра-кайра күбөлүгүмдү текшеришип, анан коё беришти", - деди Бозумов.

Белгилей кетсек, бүгүн 18-январда SUPER.KG порталы, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER TV'нын журналисттери милициянын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышты. Акциядан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев кабыл алып, журналисттин кармалганы үчүн ЖМК өкүлдөрүнөн кечирим сурады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ruslanz
2019-01-18 12:55:45
Текшерип коруп,кое беришкен турбайбы,биротоле камап салгансып чон проблемага айландырасынар.Анан журналистер телефон менен тартып калдынар беле.
+2
Abdyrashit.Satylganov
2019-01-18 13:16:06
ruslanz, Некст ТВ жаш каналдардын бири, телефон менен тартканга эмнеге болбосун? Маалыматтарды убагында жеткирүү үчүн телефон да чоң роль ойнойт, ал тургай super.kg деле телефон менен түз эфир кылат
+6
ruslanz
2019-01-18 13:26:22
Abdyrashit.Satylganov,Адатта журналстти элден камерасы менен айырмалашат.Телефон менен элдин баары эле тарта бербейби.Ошондуктан кармалып кетсе керек.
-2
Abdyrashit.Satylganov
2019-01-18 14:59:03
ruslanz, Камераны көтөрүп жүргөн адам, журналист деп эмес оператор деп билебиз да, ал эми камерага карап, маалымат берген адамды адатта журналист деп билебиз. Бул жерде анык эле Милициянын катасы болуп жатат. Митингге катыштыгы бар адамды кармаш керек болчу
-1
Nurdinur
2019-01-18 12:58:53
Телефон менен азыр баары эле тартат.
-1
Nursbaike
2019-01-18 13:08:06
Анча мынча болуп турат олуп калбайсын
+4
Nursbaike
2019-01-18 13:10:12
Ыйлактайсында эркек болчу . Болуп турат текшерип кое берди баары жайында десен олосунбу? Солдойуп эле турасын жарашпайт экен
+5
Дарыгер
2019-01-19 22:40:15
Nursbaike,)))
0
ruslanz
2019-01-18 13:47:40
Башка сайттан окудум бул бала провакациялык создорду айтып жургон деп жатышат.Атамбаев турганда олкого тынчтык бербей калды.
-2
semo
2019-01-18 20:47:31
Митинг болду не озгорду жаны бийлик келген сайын биринен бири отуп жеп жатышат аллах ынсап берсин баары жакшы болот жебеген ичпеген чолпонбайдай журогун дзотко тоскон патриоттор келип калар
0
Alixan-Nookat.2015
2019-01-19 12:12:49
Жакшы кылыптыр эмне бир жерин кемип калдыбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан