Чүй районундагы үйлөрдүн биринен денесинде жаракаты бар бала табылып, ал ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, денесинен жаракат алган бала милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган учурда аныкталды.
"11-январь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондун аймагында рейд жүргүзүшкөн. Рейд өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана оор шартта жашаган жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында уюштурулган. Анда Чүй районунун Кара-Дөбө айылында бир үй-бүлөдө денесинен жаракат алган 2015-жылы туулган Ж.Б. аттуу бала аныкталып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда наристе медициналык жардам алууда", - деди Нусупова.
Териштирүү учурунда үч жашар бала 31 жаштагы апасы жана 55 жаштагы таенеси менен жашагандыгы белгилүү болгон.
"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлгөн. Баланын энеси жана таенеси медициналык мекемелердин биринде каттоодо турат деген маалымат тергөө кызматы тарабынан текшерилүүдө. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалады Нусупова.