Кыргыз Республикасынын Конституциясы кыргыз жана орус тилинде Брайль тамгасы менен басылып чыкты. Жалпы 20 нуска менен чыгып, анын эки нускасы Жогорку Кеңештин илим-изилдөө борборуна, эки нускасы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий китепканасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Борбордук шайлоо комиссиясы бул нускаларды эми бардык аймактардагы жогорку окуу жайлардын китепканаларына таратат.
Басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, көрүүсү жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын укуктук маданиятын, сабаттуулугун жакшыртуу боюнча дагы башка колдонмолор, маалыматтык материалдар чыгарылып жарандарга таратылат.