Компьютердик Dota 2 оюнунун Опера жана балет театрында өтүшү элдин нааразычылыгын жаратты

19-январь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Dota 2 компьютердик оюну боюнча турнир өткөн. Бирок бул иш-чаранын маданий жайда өткөрүлүшү көпчүлүк элдин нааразычылыгын жаратты. Өзгөчө маданият өкүлдөрү социалдык түйүндөрдө катуу сынга алышууда.

Алардын бири ырчы Аскат Мусабеков: "Уят. Жер калбай калгансып... Театрдын кызыкчылыгын, сахнанын ыйыктыгын театр жетекчилиги акчадан өйдө коюшу керек эле... Бул сахнада Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкиев, Чолпонбек Базарбаев, Сайра Кийизбаева, Кайыргүл Сартбаева өңдүү өчпөс жылдыздар бүт өмүрүн өткөрүп келишкен... Ар ким келип каалагандай тебелей берчү жер эмес. Өкүнүчтүү... ", - деген пикирин калтырган.

Аталган театрдын солисти Таир Бейшеев да мындай иш-чаранын Опера жана балет театрында өтүп жатышы акылга сыйбай турган иш экенин билдирген.

"Кыргыздын улуу уул-кыздары өнөрүн тартуулаган Кыргыз өлкөсүнүн башкы сахнасында түшүнүксүз иш-чара өтүп жатат. Көрсө, Dota деп аталган оюндун турнири өтүп жатыптыр. Мен артта калганмынбы же ушундайга жол берген муун өсүп чыкканбы? Муну Beeline компаниясы каржылап жатыптыр. Биздин өкмөт каякты карап жатканын билбейм. Ушуга чейин жетиптирбиз. Бул маданиятка болгон кош көңүл мамиле. Жалпылап айтканда маданияттын көрсөткүчү”, - деген оюн айткан Бейшеев.

Dota 2 компьютердик оюну киберспорт оюндарына кирет. Турнирди уюштурган Beeline компаниясынын маалыматына караганда, бул иш-чара Кыргыз өлкөсүндөгү киберспортчулардын көптөн күткөн иш-чарасы болгон.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
JrDosSantos
2019-01-20 18:09:18
Не болуптур откорсо. Арак ичип мас болуп тебелеп журсо бир жон эле театрды. Дота 2 почти спорттун туруно кирет.
+1
Kyrgyz_bloger
2019-01-20 18:24:44
Элдер компьютерде оюн ойноп олтуруп эле спорт менен машыгып калганбы же бул деле шахмат спорт дегендей элеби
0
talas0707
2019-01-20 19:07:44
Шахмат дотага Караганда Бир топ ойдо. Шахмат менен стратегия, мээнин иштешин кобойтот.
+1
Muratmipa
2019-01-20 19:27:33
Эмне болуптур зато аренда акысын берсе болду да эмне болот экен
0
expert.007
2019-01-20 19:28:31
Эч ким каршы болгон жок эки блогерден башка. Нааразы болуп аткандар театр коюлган күнү барып көргүлө анда
-1
Tiken
2019-01-20 20:54:01
Хмм вроде бизде мындай корунуштор тан калыштуу деле эмес го, муна сектасына филармониябызды тебелетип журушподу беле кезинде. Акча десе энесин да баалап берет биздин атка минерлер.
+2
Aikaaaa
2019-01-20 23:16:46
Бизде качан маданият өнүгөт, аң сезимибиз качан өнүгөт. Азыр баарынан акча бийик туруп калды го. Маданияттуу болуп түкүрүнбөй таза жүрөлүк десек, акчасын айтып, роликтен ролик чыгарып, шылдыңдап жатып калдык. Анан алдыга жылбай артка кетип бараткан экенбиз деп ойлонуп калат экенсиң
+1
Muratmipa
2019-01-21 12:03:32
Aikaaaa,эн туура айтын озу бизге эч нерсе жакпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан