Министр Азамат Жаманкулов: "Опера жана балет театрында Dota 2 компьютер оюнунун өтүшү боюнча комиссия түзүлөт"

19-январь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Dota 2 компьютердик оюну боюнча турнир өткөн. Компьютердик оюндун маданий жайда өткөнүнө көпчүлүк эл нааразы болуп, сын айтышууда.

Бул окуя боюнча 20-январда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов SUPER.KG'ге өз оюн билдирди. Министр атайын комиссия түзүлүп, Опера жана балет театрынынын жетекчисинин жоопкерчилиги карала турганын айтты.

"Опера жана балет театрында орун алган көрүнүш боюнча эртең комиссия түзөбүз. Ал жерде театрдын жетекчисинин жоопкерчилигин карап чыгабыз. Андай иш-чаралар театрдын ичинде болбошу керек. Киберспорт болсо да спорт аянтчаларында болушу керек. Маданий жайлар маданий иш-чаралардын өтүүсүнө гана негизделет. Ошондуктан мындан ары жогорудагыдай форматтагы иш-чараларды театрга киргизбеш керек", - деди Жаманкулов.

Опера жана балет театрынын жетекчиси Болотбек Осмонов Dota 2 компьютердик оюнун уюштурган тарап залды 8 саатка ижарага алып, акы төлөгөнүн жана эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан