Голливуд актёру Брэд Питт актриса жана фотомодель Шарлиз Терон менен сүйүү мамилесин курганы айтылууда. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, белгилүү түгөйлөрдүн мамилеси Жаңы жылда башталган.
Брэд Питт менен Шарлиз Терондун чогуу жүргөнү эл арасында түрдүү кептерди жараткан. Бул кептерге түгөйлөрдүн эс алуу күндөрү Голливуддагы "Шато Мармон" кечесинде чогуу жүргөнү жооп болду. Кечеде актёр режиссёрлук кылган "Рим" тасмасы көрсөтүлүп, кеченин аягында Брэд Питт актрисаны колунан жетелеп кеткен.
"Брэд Питт менен Шарлиз Терон сүйүү мамилесинде. Буга чейин алар достук мамиледе болгон", - деп айткан түгөйлөрдүн жакындары.
Белгилей кетсек, Брэд Питт жубайы, белгилүү актриса Анжелина Жоли менен 2016-жылдын 19-сентябрында расмий түрдө ажырашкан. Буга актёрдун баңгизатына берилип кеткендиги себеп болгондугу айтылып келген.
Ал эми Шарлиз Терон көпчүлүккө “Акылсыз Макс”, “Азезилдин адвокаты”, "Таттуу ноябрь" тасмаларынан соң таанылган. Актриса 2012-жылы Түштүк Африка Республикасынан Жексон аттуу бала, 2015-жылы АКШдан кара терилүү Августа деген кыз багып алган. Ал 2014-жылы актёр Шон Пенн менен мамиле куруп, алардын сүйүүсү 1 жылга созулган.