super.kg logo

"Дайынсыз жоголгон неберемдин өлүү же тирүү экенин билбей 2 жылдан бери издеп келем" дейт Нарындын тургуну

 
"Неберем жоголгон күнү ушул кийимдерин кийип жүргөн"

SUPER.KG порталына "4 жашында жоголгон неберемди издеп келем" деген 60 жаштагы Нарын облусунун тургуну Алмагүл Алымкулова кайрылды. Анын айтымында, небереси Элеонора Бейшеналиева 2017-жылдын 11-июлунда Ысык-Ата районундагы Кемпир жайлоосунан жоголгон.

Алдырарда жаздырар...

Неберем 2013-жылы төрөлгөн. Ал төрөлгөндөн көп өтпөй ата-энеси ажырашып кетти. Улуу неберем күйөө балам менен, кичүүсү Элеонора апасынын колунда калды. Кызым жумушка кирип өз алдынча оокат кылсын деп неберемди 2-3 айлык кезинен баштап өзүм бактым. Элеонора 4 жашка чыгып калганда, тагыраагы, 2017-жылдын июль айында кызым Ысык-Ата районундагы Кемпир жайлоосунда саанчы болуп иштегенге жумуш таап, ошол жакка кетип жатканын айтты. "Кызымды да ала кетейин, сагынычыбыз тараганча мени менен болсун" деп калды. Өз энесине каршы боло албай неберемди да кошуп бердим. Ошол бойдон Элеонораны көргөн жокмун. Алдырарда жаздырар болуп, ошол күнү неберемди кошуп бербей эле койсом болмок экен.

Кызымды жайлоого жумушка чакырган кишиден шегим бар

Кызымды Канат аттуу бала уй сааганга жумушка чакырган экен. Неберем экөөнү Ысык-Атадан тосуп алып, Кемпир деген жайлоого алып барат. Кызым "уйларыңар кайда?" десе, жайлоодо экенин айтыптыр. 4-июлда барган кызым "уйларыңар жок экен" деп 11-юлда кайра Бишкекти көздөй сапар алат. Бир колуна кийим-кече салган баштыгын, бир колуна кызын көтөрүп чарчагандыктан баштыгын этектен тосуп алам деп аккан сууга ыргытыптыр. Ылдыйга түшкөндө кийимдеримди таап келейин деп неберемди отургузуп коюп кетип, 15 мүнөттөй убакыт өткөндөн кийин келсе Элеонора жок экен. Дароо эле ички иштер бөлүмүнө кабар берип, милиция кызматкерлери тик учак менен издеп таппай коюшту. Сууга агып кетти дейли десек агыза турчу чоң суу эмес. Жапайы жаныбарлар кол салды дейли десек, жок дегенде көз айнеги, асынган баштыгы же баш кийими калышы керек эле да.

Ошол Канат аттуу адамдын жүрүм-туруму бир топ шек жаратып жатат. Милицияга "Элеоноранын жансыз денесин жайлоодон көргөм" деп, кийин "жалган айткам" дептир. Суракка чакырса келбей качып жүрөт. Акыркы жолу өткөн жылдын декабрь айында шектүү катары милиция бөлүмүнө кармап келсе "дааратканага барып келейин" деген бойдон качып кетиптир.

Неберемдин жоголгонуна өз энеси шектелип 3 күн камакта болду

Милиция кызматкерлери неберемдин жоголушу боюнча ар кандай версияларды иштеп чыгып, өз энесинен шектенип башташты. Шектүү болсо камагыла дедим. Кызымды кармап келип милиция кыздар менин көзүмчө ар кандай кептерди айтышып "өз кызыңды өзүң өлтүргөнсүң, моюнуңа ал" дешти. Тергөө иштерине жолтоо болбоюн деп эч нерсе айтпадым. 3 күн убактылуу кармоочу жайга камап, жанына соттолгон аялды киргизип коюшуптур. Ал аял "моюнуңа албасаң аягы жаман болушу мүмкүн" дептир. Кызым "акыл-эсим жайында, өз кызымды кантип өлтүрүп салмак элем?" деп көрсөтмө бергенден кийин гана коё беришти.

Неберемдин кайгысын тартып ооруга кабылдым

Өзүбүз Нарын облусундагы Жумгал районунда турабыз. Элеонора жоголгондон кийин милициянын тергөө иштеринен кабар алып турайын деп борборго келе бергем. Өзүмдү-өзүм алаксытуу үчүн курулуш компанияларынын биринде пол жууп иштеп жатам. Неберемдин жоголушу боюнча ишти карап жаткан Кант шаарындагы милиция бөлүмүнө күн алыс барып турам. Бирок 2 жыл өтсө дагы эч кандай жыйынтык чыга элек. Барган сайын "иликтөө иштери жүрүп жатат" деген шылтоо менен жолго салышат.

Неберемдин кайгысын тартып жүрүп ооруга чалдыктым. Бир аз эле ойлонуп калсам кан басымым көтөрүлүп кетет. Эмне кылар айламды таппай калдым. Ушул акыркысы болсун деп Канттын милиция бөлүмүнө барып, өзүмдү-өзүм өрттөп тынат окшойм.

Милиция кызматы иликтөө иштери аягына чыга электигин айтат

Жогоруда айтылган окуя боюнча Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

"2017-жылдын 12-июлунда Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүнө А.А. аттуу жаран небересин издөө иштерине жардам берүүсүн өтүнүп арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнөн ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге тик учактын жардамы менен издөө жүргүзгөн. Кемпир жайлоосундагы малчылар, эс алуучулар суралып, жоголгон кызды же аны көргөн-билген күбөлөрдү табууга мүмкүн болгон эмес.

Ысык-Ата райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 3-бөлүгүндө (курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу аркылуу адам уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголгон. Азыркы учурда иликтөө иштери улантылып жатат", - дейт облустук милициянын маалымат кызматы.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
21.01.2019. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
25-04-2019 20:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым колдоп табылып калса экен, бир ширин болуп чоноюп калган экен эле...
21.01.2019. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
25-04-2019 20:36
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чондорго байланыштуу иштерди бир суткада деле бетин ачып коюшат го, кайра кайра качып атса демек тиешеси бар Канаттын, анан неге качкандан кийин кайра кармабай журушот дейм да
21.01.2019. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
02-08-2018
Соӊку аракети:
07-06-2019 13:07
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чонойуп калган эле кыз экен бир сыр барда
21.01.2019. 17:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
07-02-2019 09:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен түшүнбөй калдым кыздын апасы баштыгын сууга өзү ыргытып кайра баштыгына чуркап кеткени неси .Кыз табылып калсын,бирөөлөрдүн колунда болушу мүмкүн.
21.01.2019. 17:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1438
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
24-06-2019 15:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Издоону кучотуш керек.Канат деген менен баштыкты сууга ыргытып кызын таштап кеткен кок мээ эне экоону жакшылап сураш керек...
21.01.2019. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
16-06-2019 01:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
1. Канат тосуп алып жайлоого алып барса, машина менен барган болуш керек.
2. Уйлар жок экен деп 11-Июльда жолго чыгам деп балким ортолорунда пикир келишпестик болуп жоо кетишкен. Баштыктар оор болуп сууга агызып тосуп алган аял. Ошондо алды артын байкаган эмес бекен кимдир бироо акмалап жургонун.
3. Канаттын журум турумун, айланасындагы адамдардан сураш керек.
4. Апасы кызына конул бурбай эн талаада 15 минута таштап койгону учун дагы жазасын бериш керек.
5. Бул жерде 2 о
21.01.2019. 17:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
16-06-2019 01:25
Жынысы:
Белгисиз
+8
5. Бул жерде 2 адам Канат жана апасы. Бирок суроо эмнеге соттор Канаттан корсотмо алышкан эмес? Качып кетсе эле ошол бойдон таштап коюштубу? Эмне деген шалаакылык жана таксыздык. Канаттын телефонунун ошол кыз жоголгон убактысына тактап текшерсе сарайдан башка кайсы жактарга барганын карта аркылуу же обненттик номери аркылуу билсе болот элего.
21.01.2019. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
16-06-2019 01:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы бир маанилуу жагдай: Канат сунуштаган болушу мумкун. Кызын барбы? Эгер болсо алып келе бер деп. Эгер ушундай деп озу сунуштаган болсо анда камакка алып корсотмо бердириш керек.
1. Эмне учун уйлар жок ишке чакырат?
2. Эгер апасы иштейин деп барса бала менен алаксыйсын деп иш беруучу тоскоолдук кылышы мумкун.
3. Иш берип жатканда келип эле баштайсын, уйлар даяр деген соз болду беле?

Кыздын апасы эгер окусаныз ушул нерселерди эске алыныз.!
21.01.2019. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
24-06-2019 16:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздын атасын дагы сурака алыш керек
22.01.2019. 01:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
24-06-2019 14:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Табылып калса экен(((
22.01.2019. 02:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-01-2018
Соӊку аракети:
24-06-2019 10:13
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка сайттан 40 минута жок болуп, кайтып келсе жок экен деп журотго.Апасы менен Канатта гептин баары.
22.01.2019. 04:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
24-06-2019 17:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар кызык тобо. Не күнөө эми ал наристеде???? Жапайы жаныбардай байлап, мүмкүн ошол эле айылда.... Тиги кишинин мээсинде эмне бар бир Аллах билет... табылып калса экен
22.01.2019. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1194
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
24-06-2019 12:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Ээн талаада 4 жашар баланы таштап кетеби. Кызын ээрчитип алып эле издебейби сумкасын өзү буту менен эле тыкылдап басып калган кыз го 4 жашар, чурка десе чуркап эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
127978;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: