Телеалпаруучу, журналист Максат Довранов темир тулпарлуу болду. Бул тууралуу алпаруучу мырзанын өзүнө байланышканыбызда ал төмөндөгүлөргө токтоло кетти.
"Бул менин төртүнчү унаам. Бул ирет 6 миң долларга Nissan X-Trail үлгүсүндөгү тулпар сатып алдым. Негизи эле мен алган унаалар ак жолтой болот. 2-унаамды алгандан кийин эми батир сатып алайын деп ниет кылган элем. Эки жыл мурун ошол 2-унаамды сатып, үстүнө акча кошуп батир алгам", - дейт ал.
Максат Довранов ЭлТР телеканалындагы “60 мүнөт” долбоорунда алып баруучу, редактор болуп иштейт.