Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Маалыматты алгач ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.
21-январга караган түнү саат 00:35 чамаларда 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен Toyota Avensis унаасынын жүргүнчүсү М.А. аттуу 33 жаштагы аял каза болгон.
Mercedes-Benz унаасынын 26 жаштагы айдоочусу жана аны менен жаш курагы бир жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алган. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Видеодо көрүнгөндөй, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу формачан болгон.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу милиция кызматкери болгонун тастыктады. Өздүк булактардын билдиргенине караганда, милиция кызматкери унаасы менен каршы тилкеге чыга калган. Ал Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин кызматкери экенин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыкташты. Кырсык боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ооруканада жаткан милиция кызматкеринин спирт ичимдигин ичкени же ичпегени аныкталууда.
Ал эми өздүк булакка таянсак, каза болгон 33 жаштагы аял ӨКМнын кызматкери Мээрман Асанканова болгон. Аталган министрликтин басма сөз кызматына чалганыбызда бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок. Белгилүү болгондой, Toyota Avensis унаасынын айдоочусу маркумдун жолдошу болгон. Анын сөөгү 22-январда жерге берилет.