Парламент комитетинде "Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылды

21-январда парламент комитетинде "Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Экмат Байпакбаев: "Мыйзам долбоорунун максаты - кыргыз элинин маданий мурасы катары ак калпактын кадыр-баркын жакшыртуу, аны коргоонун укуктук базасын белгилөө. Ак калпакты колдоо жана өнүктүрүү, кеңири жайылтуу, аны республиканын маданий символу катары пайдалануу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Ошондой эле Мыйзам долбоору тарыхый мурастарды сактоого жана ак калпакты кийип жүрүү маданияты аркылуу Кыргыз мамлекетинин жана кыргыз элинин таанымал болушун жогорулатууга багытталган", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан