Өлкө аймагында жыл башынан бери терезесин караңгылатып айдаган айдоочулардын саны көп болууда. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте рейд өткөрүп, унаасынын терезесин караңгылаткан жана өз билемдик менен үн чыгаруучу жабдууларды унаасына орнотуп алган айдоочуларды аныктап баштады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекеменин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, рейд бүгүн, 22-январда башталды. Азырынча канча унаанын терезеси караңгылатылганы белгисиз.
2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген "Эреже бузуу" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, унаанын терезесин караңгылаткандарды тескөө Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилген. Бирок учурда өкмөт бул милдетти кайрадан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүп алууну демилгелөөдө. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, тийиштүү комитет 1-окуудан колдоп берген.