Депутат Абдылдаев Жогорку Соттун төрайымына: "Суроого 10-класстын окуучусундай жооп бердиңиз"

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева суроосуна так жооп бербей жатканын айтты.

"Жаңы кодекстер, мыйзамдардын ишке кириши орун басарларга эле керек окшойт. Анда орун алмаштырып койбойлубу. Жетекчилерди орун басарлыкка, орун басарларды жетекчи кылып. Өзүбүз кетирген кемчиликти өзүбүз оңдойлу деп кечээ комитет жыйынында айттым эле. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бир жылдан бери реформаны ишке ашыруу боюнча координатор болуп жатканын айтты. Ага суроо берип, бир дагы суроомо жооп ала алган жокмун. Жогорку Соттун төрайымына суроомду берейин. Эң негизги мыйзам бар. Мыйзамдын аты 5 кодекс менен 2 мыйзамды ишке ашыруу. Ал мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Мына ошол мыйзамда силердин расмий ыйгарым укугуңар жазылган. Бишкек, Ош шаарында сот арачылары сот отурумунда отурушу керек деп жазылган. Буга даярдыгыңыздар кандай? Аларды кимдер тандайт, кайсы имаратта иш алып барышат, окутуулар болуп жатабы?" - деп сурады.

Жогорку Соттун төрайымы окутуулар алардын укугуна кирбей турганын айтты. "Аймактарды кыдырып, аларга кандай шарттар түзүлгөнү боюнча таанышып жатабыз", - деп жооп берди.

Абдылдаев: "Көрдүңүзбү, жооп жок. Мындай жоопту 10-класстын окуучусу деле айтат", - деди.

Жогорку Соттун төрайымы: "Биз баарыбыз мамлекеттик кызматкербиз, этиканы сакташыбыз керек. Эмнеге 10-класстын окуучусуна салыштырып жатасыз? Кандай жооп угайын дедиңиз эле?" - деди.

Абдылдаев сынды туура түшүнүп, аны жойгонго аракет кылуу керектигин айтты.

Мыктыбек Абдылдаев менен Жогорку Соттун төрайымы айтышып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан