Украинада жазында өтө турган президенттик шайлоого Тимошенко катышарын жарыялады

Украинада президенттик шайлоо 2019-жылдын 31-мартына белгиленген. Анда Юлия Тимошенко президенттик шайлоого ат салышарын расмий жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Тимошенконун жетектеген "Батькивщина" партиясынын Киевдеги курултайында шейшембиде делегаттардын бардыгы талапкерлигин колдошту.

Президенттик талапкерлерди көрсөтүү документи 3-февралга чейин кабыл алынат.

Биринчи айлампанын жыйынтыгы 10-апрелге чейин жарыяланат. Эгерде президенттикке койгон талапкерлер шайлоочулардын 50 пайыз добушун топтой албай калса, экинчи тур өтөт. Экинчи турдун күнү 21-апрелге белгиленген.

Украинанын азыркы президенти Пётр Порошенконун негизги атаандашы да Тимошенко болуп жатканын жергиликтүү басылмалар жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Farra16gsin
2019-01-24 11:31:47
Балээ басып өтүп кетпесе болду президенттике
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан