"Жакында эле сот башы чыр-чатактан чыкпай келаткан алдамчы эмчини бошотуп жиберди", - деп бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.
"Хашим Зайналиев аттуу жарандын онкологиялык ооруларды дарылаганга лицензиясы жок. Анын бейтаптарга койгон диагнозу калп. Соттор аз келгенсип, аны айрым дарыгерлер да колдоп чыгыптыр. Уят, кайдагы бир алдамчыга каршы тура албаган, тийиштүү чара көрө албаган аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. Зайналиевдин колунан жапа чеккен, өлүм тапкан адамдардын убалы кимге? Ал үчүн ким жооп берет? Эмнеге Саламаттыкты сактоо министрлиги көңүл бурбай жатат? Өкмөткө ушундай аңкоо министрлер керекпи?" - деди депутат.
Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенет деп кармалып, камакка алынган табып Хашим Зайналиев бошотулган.