Казак жараны делген Кыргыз темир жолунун директорунун биринчи орун басары Алымжан Хасанов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
"Депутаттар "Кыргыз темир жол" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары башка өлкөнүн жараны катары мамлекеттик кызматта иштегенге укугу жок деген маселе койгон. Хасанов ишкананын директорунун буйругу менен жумуштан бошотулду", - дейт Темирбаев.
Алымжан Хасанов 2018-жылдын 29-октябрынан тартып “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал 1964-жылы 27-августта төрөлгөн. Хасанов 1984-жылы Казакстандын Алматы темир жол транспорту техникумун бүтүргөн. Адистиги - темир жолун эксплуатациялоо.
Эмгек жолун Токмок станциясында нөөмөтчү кызматынан баштаган.
1992-1996-жылдары - Токмок станциясынын нөөмөтчүсү;
1996-2001-жылдары - Шопоков станциясынын башчысы;
2001-2005-жылдары - Бишкек-1 станциясынын башчысы;
2005-2007-жылдары - Аламүдүн станциясынын башчысы;
2007-жылы- поезд диспетчери;
2007-2010-жылдары - Поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы ревизорунун орун басары;
2010-2013-жылдары - Маалыматтык-тактоону камсыз кылуу боюнча филиалынын башчысы;
2013-2018-жылдары - Поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы ревизору болуп иштеп келген.