24-январда Орусиянын Пенза облусунда жол кырсыгы болуп, анда 2 адам каза болгондугу тууралуу маалымат тараган. Бул боюнча Кыргыздын Орусиядагы элчилигинен жооп тарады. Белгилүү болгондой, кырсык 24-январда Нижний Новгород-Саратов унаа жолунун 420-чакырымында орун алып, анда "ГАЗ" жана Toyota Alphard үлгүсүндөгү минивэн сүзүшкөн.
"Минивэндин ичинде Кыргыз өлкөсүнүн 8 жараны болгон, алардын ичинен экөө алган жаракатынан улам ошол эле жерден каза болушкан. Жаракат алган дагы 2 Кыргыз жараны Пенза шаардык ооруканасында дарыланууда. Калган 4 жаран, анын ичинде минивэндин айдоочусу жаракат алышкан эмес", - деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматы.