Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, тармактык комитет концепциясын жактырды.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Азамат Арапбаев.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоорунун алкагында, электрондук тамекини Кыргыз мамлекетинин рыногуна киргизүү болуп саналат.
"Электрондук тамекинин адамдын ден соолугуна зыяны азыраак жана экономикага киреше алып кирет" деди эл өкүлү.
Талкуу учурунда депутат Зиядин Жамалдинов мындай мыйзам долбоорлору өкмөт тараптан демилгелениши керек экенин айтты.
"Эмне үчүн өкмөт тараптан ушундай мыйзам долбоорлорун алып келбейсиңер? Силер алып келбегендигиңерден депутаттар тарабынан демилгеленип жатат. Экономика министрлиги, эмне себептен силер караган жоксуңар?" - деп сурады.
Экономика министри Олег Панкратов бул мыйзам долбоору министрликте иштелип жатканын билдирди. "Министрликте каралып жаткан, бирок бизден биринчи депутат сунуш бериптир", - деди Панкратов.