Түркиянын Адана шаарында 31 жаштагы А.Н. аттуу кыргыз келин каза болгондугу тууралуу маалымдалган. Ал эми бүгүн, 29-январда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Бизге элчиликтен келип түшкөн маалыматтар боюнча Адана шаарында каза болгон келиндин сөөгү 27-январда Кыргыз өлкөсүнө алып келинген. Ал эми 28-январда сөөгү өзү жашаган Кемин районуна коюлган. "Жүк 200дү" алып келүү боюнча элчиликке жардам сурап эч ким кайрылган эмес. Бардык чыгашаларды каза болгон жарандын жакын досу моюнуна алган", - деп маалымдады.
Эске салсак, 25-январда Түркиянын Адана шаарында кыргыз келин жуунуучу бөлмөдөн колготкисине асынып турган абалда табылган. Белгилүү болгондой, маркум бала багуучу болуп иштеген. Ошол күнү ал жумушка барбагандыктан жумуш берүүчү тарап дайынын билүү максатында полиция кызматкерлерине кабарлаган. Алар дарек боюнча барып, үйдөн келиндин жансыз денесин колготкиге асынган абалда табышкан.