Мектеп окуучусун сүзүп кетип, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу, Чүй ОИИББинин кайгуул-көзөмөл кызматынын кызматкери камакка алынды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы таратты.
Буга чейин белгилүү болгондой, окуя бүгүн, 29-январдын таңында Новопавловкада орун алып, анда укук коргоо кызматкери 11 жаштагы окуучуну унаасы менен сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуучу бала каза болуп калган. Ал эгиз балдардын түгөйү болгон.
"23 жаштагы айдоочу А.К. Чүй ОИИББинин кайгуул-көзөмөл кызматында иштеген милициянын старшинасы болгон. Ага карата 297-берененин (авто транспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар алынып, айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулду. Окуя боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле Чүй ОИИББи ички иликтөө ишин баштады", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Маалыматта кошумчалангандай, алдын ала текшерүү боюнча айдоочу спирт ичимдигин ичпегени аныкталган.