Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБинде 26-январда эмне авария болгонун сурады.
Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Азамат Абдыкадыров Бишкек ЖЭБинде авария катталбаганын айтты.
"25-январда план боюнча суу түтүктөрү текшерилип жаткан. Ошол учурда суу менен камсыз болгон түтүктө мүчүлүштүктөр чыккан. Бул ЖЭБди жаңылоо учурунда болгон. Дароо мунун алдын алдык. Эгерде 26-январда жылуулук берүүнү токтотуп, ишти жөнгө салбаганда былтыркы жылдан дагы жаман авария болмок. Ошол себептен шаардагы суу түтүктөрүндөгү жылуулук 10-15 градуска түштү", - деди Абдыкадыров.
Маалыматка ылайык, ЖЭБдеги оңдоо иштери 26-январда саат 21:00дө аягына чыккан.