Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Улуттук дзюдо федерациясынан кабарлашты.

Аталган мелдеш 2-3-февраль аралыгында Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Бул мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 15-17 жаштагы спортчулар катышат. Мелдеште эркектер жана кыздар арасында 16 салмак категорияда медалдар ойнотулат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү эл аралык мелдештерге, Азия жана Дүйнө чемпиондуктарына өлкөбүздүн атынан барып катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан