"Apple" компаниясынын башчысы Тим Кук iPhone уюлдук телефондорун арзандатууга убада берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, телефондордун арзандатуусу айрым мамлекеттердеги улуттук валютанын долларга карата куну түшкөндүгү менен байланыштуу.
Арзандатуу кайсы өлкөлөрдө күтүлөрү азырынча белгисиз. Бирок компания Кытай, Орусия, Бразилия, Индия, Түркия өлкөлөрүндөгү валюта курсунун айырмачылыгынан улам сатуу төмөндөп кеткендигин белгилеген.
"Apple" компаниясы 12 жылдан бери биринчи ирет арзандатуу тууралуу сөз кылып жатат. Тим Куктун мындай кадамга баруусунун негизги себеби, 2018-жылы компаниянын кирешеси мурунку жылдан 5 пайызга же 84,3 миллиард долларга төмөндөгөнү болду.